Американын Нью-Джерси штатындагы 17 жаштагы кыз мектептеги бүтүрүү кечесине табытка жатып алып келди. Анын мындай жоругу коомчулукта ар кандай талкууларды жаратты. Айрымдары бул окуяны күлкү иретинде кабыл алса, кээ бирөөлөр анын кылган ишин жактырышкан жок.
Маалым болгондой, Меган Флагерти Пенсаукен шаарындагы окуп бүткөн мектеби менен коштошуу үчүн бүтүрүү кечесине табытка жатып алып келүүнү каалаган. Аны табыт менен чогуу атайын унаа жеткирип келип, кечеден Меганды жигити тосуп алды.
Ал келечекте ритуалдык кызматтарды (сөөктү жерге коюуга) көрсөтүүчү компания ачууну максат кылып жатканын айткан.

тurmush.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here