Кырсык ашуудан ашып бараткан учурда болгон. Алдын ала маалымат боюнча айдоочу рулга ээ боло албай калган.

Ош облусунда жүк ташуучу унаа аласалып, айдоочусу каза тапканын Sputnik Кыргызстан агенттигине ОИИБ билдирди. Маалыматка ылайык, кырсык 11-май күнү Алайга кетип бараткан жолдо болжол менен саат 18.30дар чамасында болгон. «ЗИЛ-130 үлгүсүндөгү унаа Ош — Эркеч-Там жолунун тогузунчу чакырымында ашуудан ашып бараткан. 25 жаштагы айдоочу рулду башкара албай калып, машина аласалып кулап кеткен. Алган жаракаттарынан улам айдоочу ошол эле жерден мерт болгон», — деп айтылат билдирүүдө. Унаада айдоочудан башка эч кимдин жок экени аныкталып, учурда тийиштүү экспертизалардын баары дайындалды.
sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here