Автокырсык кечээ саат 16:30дарда болгон.
Алай районунда суу алып келем деп чыккан 31 жаштагы аялды автоунаа коюп кетип, каза тапты. Бул туурасында Ош облустук милициясынын маалымат кызматынан кабарлашты. Автокырсык кечээ саат 16:30дарда болгон. «Сууга чыккан аял чакалары менен жол жээгинде турганда Subaru Legacy Lancaster автоунаасы уруп кеткен. Анын жаракаттары катуу болгондуктан, ошол жерде жан берген», — деп айтылат маалыматта. Айдоочу тиешелүү текшерүүлөрдөн өткөндөн кийин анын соо экендиги аныкталган. Милиция айдоочу аялды абайсыздан койдуруп алган деген алдын ала маалымат берди. Автоунаа айып короого токтотулуп, тергөө иштери уланууда.
Булак:спутник.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here