Казакстандык атеисттер тобу Казакстандын мусулмандар Союзун балдарды сүннөткө отургузууга тыюу салуу демилгесин колдоого чакырды. Алардын ою боюнча, бул жөрөлгө адамдын укугун бузуу менен адамды кемсинтет деп жазат NUR.KZ  Мусулмандар союзунун басма сөзүнө таянуу менен.

Алардын айтымында, бул байыркы салт адамдын ден соолугуна зыян жана терең психологиялык травма берет.

Атеисттерди феминисттердин чоң тобу да колдогон. Андагы аялдар, сүннөткө отургузуу эркектердин сексуалдык активдүүлүгүн азайтат жана мунун өзү аялдарга карата теңсиздик.

«Эч кимдин оюна адамдын колу-бутун кыскартуу келбейт. Сүннөт кылуу менен адамдын бир органын кыскартып, адамдык гармонияга шек келтирип атабыз», — деп айтты Батима Алжыганова.

Буга Мусулмандар союзу  өз оюн билдирип, түшүрүүгө аракет кылган менен майнап чыккан эмес.

Феминист аялдардын арасындагы медик Алмагүл Жексур кызы, сүннөт эркектерди агрессияга алып келет деп билдирди. «Терроризм менен диний экстремизм сүннөттүн айынан болууда.Статистика көрсөткөндөй, сүннөт кылынбаган Европалыктар өтө сылык келишет», —  деп айтты ал.

Буларга, сексуалдык азчылыктын өкүлдөрү гейлер да кошулган.

Эми булар, Алматада өз талабы менен митингге чыгууну көздөөдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here