Өзбек президенти Шавкат Мирзиёев мамлекеттик сапары менен Кытайга келди. Анын алкагында 100дөн ашык эки тараптуу келишимге кол коюу каралууда.

Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жубайы Зироатхон Хошимова менен Кытайга мамлекеттик сапар менен келди. Өзбек лидеринин сапары 15-майга чейин созулаарын Sputnik Өзбекстан агенттиги өлкө башчысынын маалымат кызматына таянуу менен жазып чыкты.

Ага ылайык, өзбек лидерин Пекиндеги «Шоуду» эл аралык аэропортунан ардак кароол менен тосуп алышты. Видеодо учактан түшүп келе жаткан биринчи айым шамалдан улам чачын улам-улам оңдоп жатканы көрүнүп турат.

Мирзиёев 12-13-майда Кытайдын төрагасы Си Цзиньпинь, өлкөнүн премьери Ли Кэцян баштаган бир катар жогорку даражалуу жетекчилер менен жолугат. Күн тартибинде эки мамлекеттин соода-экономикалык байланыштары, биргелешкен инвестициялык долбоорлор талкууланат.

Булак: Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here