Лондондун Жогорку соту россиялык миллиардерди мурунку аялына 453 млн. фунт стерлинг (586 млн. доллар) төлөөнү милдеттендирди. Бириккен Королдуктун сотунун тарыхында нике ажыратуу процессинде мындай жогорку компенсация төлөө болгон эмес.

Ажырашкан аял -күйөөнүн аты-жөнү ачыкталбайт. Болгону, 61 жаштагы россиялык ишкер Кавказдан чыккан. Мурда нефти жана газ сатып иштеген. Анын мурунку аялы 41  жашта ал үйлөнгөндөн кийин эле үй кожойкеси болуп отурган.

Алар алгач Москвада таанышып, кийин Британияга көчүп келишкен. Соттордун айтымында, бирге жашаган үй-бүлөлүк акивдердин 41,5% аялына берилет.

Мындан 5 жыл мурун бизнесмен россиялык компаниясынын акциясын 1,3 миллиард долларга саткан. Андан кийин, ал эки баласына Лондондун престиждүү райондорунан 29 млн. фунтка жана (37,5 млн. доллар) 7 млн. фунт( 9 млн. долларга) эки квартира сатып берген.

Соттук процессте бизнесмен, үй-бүлөгө өзгөчө салым кошкондугун жана үйлөнгөнгө чейин эле бай болгондугун айткан.  Аялы өз кезегинде, алар бирге жашагандан бери 1 млрд фунттан ашык байлык топтошконун айткан.

Акырында сот, экөө тең үй-бүлөгө бирдей салым кошкон деген жыйынтык чыгарышты.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here