Чагылган: Бүгүн кечке маал Бишкек шаарынын Байтик баатыр көчөсүнөн  эки машине, эки окуучуну сүзүп кеткендиги маалым болду. Ал машинелердин бирөөсү окуя болгон жерден из жашырууну максат кылып, («Хонда-Цивик» үлгүсүндө, бул машинеде «Намба» таксининин шашкасы болгондугу айтылууда)  качып кеткен. Ал эми «Лексус» үлгүсүндөгү экинчи машине качкан эмес. Бишкек ШИИББси «перехват» планын түзүп, качып кеткен машинени издөөгө алды. Издөө иши жыйынтык берип, көп өтпөй таксист кармалды. Ал окуучуну сүзбөгөнүн, окуучу өзү келип урунганы айтып жанын сабап турган кези. Тергөө ишинде баары ачык чыгат. күтө туралы.  Кырсыкка учурагандар №64 гимназиянын экинчи жана төртүнчү класста окушкан окуучулары болгон. Учурда алар №3 балдар ооруканасына жеткирилген.

Акыркы учурларда балдардын жол кырсыктарына кабылганы абдан көбөйүп кетти. Жакында эле Чапаев көчөсүнөн да эки окуучуну сүзгөн машине артын карбай качып, бирок көп өтпөй кармалган.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here