Кээ бир азыктар эмнеге сизде метеоризм жаратарын ойлоп көрдүңүз беле? Сиздин жеген тамагыңыз — сиздин келбетке жана алыңызга таасир этет.

Чеснок денеңиздин жытын жакшыртат

Чесноктун күчтүү жыты, кол салганы жаткан вампирге таасир этерин баары билет. Бирок, чеснок денеге жакшы жыт бөлөөрүн эч ким байкабаса керек. Appetite журналынын 2016-жылдын февралындагы жарялынган изилдөөлөр, эркектердин жыттарын турукташтыраарын көргөздү. Изилдөөдө, аялдар жебегендерге караганда, 4 тиш чеснокту жеп алган эркектердин жытын баалашкан.  Окумуштуулардын айтымында, чеснок бактерияларга каршы касиетке ээ жана дененин сыртындагы жаман жыт чакыруучу бактерияларды өлтүрө алат. Ошол себептен, адамдын жыты жагымдуу болуп калат.

Клетчаткага бай азыктар газ чакырат

Бул адамдан жел чыгыруучу жалгыз жемиш түрү эмес. Башка азыктар, курамында клетчатка бар, түстүү капуста, ак капуста, жана сулуу кылкандуу даны да метеоризмге  алып келет. Бул демек, сиздин ичеги -кардыңыздагы бактериялар тамак сиңирүү процессинде газ чыгарат. Жакшы жагы жогорку метеоризмди чакыргын азыктар  зыян алып келбеген натуралдуу азыктар болот. Эгер сиз жогорку деңгээлдеги клетчатка менен диета кармоону чечсеңиз, анда бул азыктарды жетиштүү суусундуктар айкалыштырып кармаңыз.

Кызылча зааранын өңүн кызылга айлантат

Эге, сиз заараңыздын кызыл өңүн көрсөңүз, эрте эле тез жардам чакырып ызы-чуу салбай, жакынкы 48 саатта кызылча жедиңиз беле? ошону эстеңиз. Муну «битурия» деп атайт. Кызылча — бетацианин аттуу күчтүү пигмент аркылуу кызыл болот жана ал эгер ашказанда кистотанын деңгээли төмөн болсо, заарада ушундай өң пайда кылат. Кызыл же гүлгүн заара кээ бир дарыларды ичип аткандын таасиринен болушу мүмкүн. Бул жагынан тынчсыздансаңыз, дарыгерге кайрылыңыз.

Сабиз жүзгө сары өң берет

Бета-каротинге бай сабизди көп жеп алганда балдар сабизгө окшош сары болуп калганын көрсөңүз керек. Аны көп жеп алганда, өзгөчө — алакан, бет, буттун таманы саргарып калат. Мындай абал — гиперкаротинемия деп аталат. Бул А витамини көп азыктарда болот. Мисалга, ашкабакта да бар.

Спаржа заара жыттантат

 Спаржаны жегенден кийин — заара жыттанганыңызды байкадыңыз беле? Бирок, бул баарында эле боло бербейт. Бул жагымсыз жыт аспарагин кислотасынын химиялык реакциясынын кесепети. Калктын 20дан 40%га чейинкилери же бул жытты сезбейт же аталган химиялык реакцияга тиешеси жок.  Аталган кислота жагымсыз жыт чыгарган серага айланып кетет. Айрым убакта 15-30 мунөттө эле. Эгер, сиз мындай нерсени өзүңүздөн байкабасаңыз, анда сиз бактылуу экенмин деп койсоңуз болот.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here