Чагылган: Дүйнөдө олуттуу мыйзамдар менен бирге эле адамдын оозун ачырган акылга сыйгыс да мыйзамдар бар. Төмөндөгү жосунсуз мыйзамдарды comments.ua агенттигине таянуу менен кабарлайбыз.

Темир жолдо өбүшүүгө болбойт

1910-жылы Франция эли темир жол вокзалында  өбүшүүгө катуу тыюу салган. Бул мыйзам али күнгө чейин күчүн жоготпой келет. Себеби, белгилүү болгондой, өбүшүүгө кумар сүйүшкөн жаштар коштошуу саатын узакка созуп жиберишет экен. Алардын айынан поездда кеч жолго чыгып кала турган болгон.

Мындай мыйзам Улуубританиянын Уоррингтон шаарында да кабылданган. Эми бул жерде да поезддер жолго кечикпей чыгат.

Торопойго  «Нопалеон» деген ысым ыйгарууга болбойт

Францияда торопойлорго Напалеон деген ысым берүүгө тыюу салынган. Себебин, сиз деле аңдап турсаңыз керек.

Саат ондон кийин унитаздын суусун агызууга болбойт

Швейцарияда саат ондон кийин кечки 10:00дон кийин суусун дурустап агызууга мыйзам жол бербейт. Бийлик бул добуш коңшулардын мазасын алат деген пикирди карманат.

Дааратканага кез келген адамды кийрүү керек

Шотландияда дааратканага кысталып турган бөтөн адамды, тааныбасаңыз да киргизүүгө милдеттүсүз.

Саат кечки алтыдан кийин жел чыгарууга болбойт

АКШнын Флорида штатында бейшенби күнү саат кечки алтыдан кийин жел чыгарууга мыйзам менен тыюу салынган. Эгер, сиз органикалык газ чыгарууну катуу каалап турсаңыз, анда эч ким байкабай турган жерди табышыңыз керек. Болбосо, коомдук тартипти бузду делип жоопко тартыласыз.

Сууга  чөгүп бараткан адамды куткарууга болбойт

Кытайда сууга чөгүп бараткан адамды куткарууга болбойт деген мыйзам бар. Бул анын тагдырына  кийлигишкендик болуп калат.

Жумуш бүткүчө, өлүүгө болбойт

Англия парламентинде жумуш күнү аяктабай жатып, о дүйнөгө сапар алууга тыюу салынган. Алар иштин бүтпөй калуусуна уруксат бербейт.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here