Чагылган: Астанада 15-кабаттан унаанын үстүнө кулап түшкөн кыз өзүнө келди. Врачтар 16 жаштагы студент кыздын абалын оор экендигин айтышкан деп билдирет «Алматы» телеканалы.

Людмила Сприна азыр реанимацияда жасалма аппарат менен дем алууда.

Студент кыз колледжден кулап, реанимацияга жеткирилген. Апасы Елена Сприна жанын коөрго жер таппай убайым чегүүдө. Унаанын үстүнө кулаган кызга, өз жанын кыйгысы келген деп болжолдоп жатышат. Энеси болсо, буга ишенбейт. Анын оюнча, бул социалдык желелердин кесепети же бактысыз сүйүү болушу мүмкүн.

Өз убагында келген тез жардам кызды аман алып калды. Азыр ал өзүнө келди. Врачтар толук өзүнө келгенге 1 жыл керек дешүүдө. Бул иш боюнча кылмыш иши козголгон.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here