-Тирүүчүлүк кандай кымбат!..
Кош, улуу Талас элинин урматтаган уулу!!!

Мына кечээ эле жаркылдап жүргөн Бөкөнбай Боркеев агабыз бүгүн жок… Ал киши көп эмгек жасады, бирок баары эле биле берген жок. Көп таланттарды колдоп, өстүрүп, жол көрсөттү, бирок баары эле өтөөсүнө чыгарып сыйлай алган жок… Эмгекти билгендер аз болсо, билбей, баалабай керсейгендер өтө көп болду. Муну «пендечилик» деп коебуз… Бөкөнбай байке мындай майдаларга бир ирет да капаланган жок. Анткени Бөкөнбай байке өтө жумшак, ак көңүл, эч нерсени көңүлүнө албаган бир кенен адам эле… Ал ошол жумшактыгы, ак көңүлдүгү, кенендиги менен бул тирүүчүлүктө баарынан жогору турду.
Ооба, Замандаш! Бул тирүүлүк! Жакшы жаман бир жүргөн. Кээде өйдө, кееде төмөн… ак карасы аралаш…
Рахмат сизге Бөкөнбай байке!
Мен сиздин мага кылган жакшылыктарыңызды эч унутпайм. Анткени менин ар бир жетишкендиктеримде, маданиятка кошкон кошумчамда, элге арнаган эмгегиде сиздин да эмгектериңиз жатат. Мен ар качан Амантай Ниязалиев агай экөөңөрдү «Менин ардактуу адамдарым!» — деп коер элем.
Жаткан жериңер жайлуу болсун! Ал жакта да не деген ЗАЛКАРЛАР жатышат. Досторуңуз Асанкалый Керимбаев, Рысбай Абдыкадыровдор… Сиз улуу талантсыз! Улуу кесиптин устатысыз!!! Кош, Бөкөнбай байке! Кош, улуу Талас элинин урматтаган уулу!!!
Жаткан жериңиз жайлуу болсун, устатым!!!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here