Чагылган: Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн аэропорттун имаратынын ичинде кыска топик менен жарым-жылаңач  татуировкаларын көрсөтүп жүргөн видеоролигин Фейсбук колдонуучуларына блоктоодо. Бул тууралуу өзүнүн Twitterдеги баракчасында журналист Эндрю Маршал жазган.

64 жашка чыгып калган монархиялык «өзгөчө немени» кыска юпкачан, денесинде чоло жери жок тату тартылган кыз жандап алган.

Vice News порталына Facebookтун берген коментарийине караганда, Таиланддын бийлиги бул — королду шылдыңдоо жана монархияны сындоого болбой турган мыйзамга каршы келип жатат деп айтышкан. «Бийлик, интернеттеги кайсы бир маалымат алардын мыйзамын бузуп жатат деп эсептесе — анда алар Facebook өңдүү компаниялар менен байланышып, бөгөт коё алышат», — деп айтты соц. желенин өкүлү.

Маха Вачиралонгкорн 2016-жылдын 1-декабрынан тарта Таиландга король болгон. Тактын жаңы монархы, атасы король Пхумипона Адульядеттен кийинки, Чакри династиясынын 10-королу (Рама Х). Анын титулдагы расмий аты — Улуу Урматтуу король Маха Вачирлонгкорн Бодиндрадебайаварангкун.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here