Чагылган:Өзгөчө  клумбалар эркектерге арналган.

The Uritrottoir фирмасынын клумбалары — уникалдуу контейнерлер.  Бул идиштердин түйлөрүнө кургатылган чөп, саман жана таарынды салынган. Контейнердин ортосунда атайын жыртык да каралган (заара ушатуу учун), конструкциянын үстүн өсүп турган гүлдөр кооздоп турат. Мындай идиштердин 300 жана 600 адамга туура келчү моделдери бар.

Клумбалардын баасы 3000 долларга жакын. Контейнер толуп бараткандыгы жөнүндө да  өзү маалымат берет, себеби идиште санарип дисплей орнотулган. Бул клумбаларды компостун бакчалардын жерин семиртүү үчүн колдонушат. Контейнерлерде көмүртек ашыкча болгондуктан, алар жагымсыз жыт чыгарбайт.

Укмуштуу клумбалар Париждин вокзалдарында, чоң көчөлөрүндө жана сот имаратынын жанына коюлган.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here