Журналист Назира Бегимдин эки аял алууну мыйзамдаштыруу демилгеси кыргыз интернет айдыңында курч талаш-тартыш, түрдүү пикирлерди жаратып жаткан учур. Талаштуу идеянын авторунан ага карата коомчулуктун мамилеси кандай болуп жатканын сурап көрдүк.

—  Сиз кыргыз кыздарынын арасынан эки аял алууну ачык колдоп чыккан алгачкы кыз болдуңуз окшойт. Көп аялдуулукту мыйзамдаштыруу демилгесин козгоп чыгышыңызга эмне себеп болду?
— Ар бир нерсенин өз убагы бар. Ошондой эле ар бир маселени алып чыга турган адам болот. Ошол сыңары «эки аял» маселесин ачыкка чыгаруу мага буюрса керек. Бул демилгени козгоп чыгышымдын себеби көп. Эң алгач бул улут маселеси, андан кийинкиси — экинчи аялдын укугу. Эмне үчүн экинчи аял жашырынып, коркуп, басмырланып жашашы керек? Ал деле биринчи аял сыяктуу эле күйөөсүнө кам көрүп, бала төрөп жатат. Айта берсе олуттуу себептер көп. Бул жерде маселени ич ара үй-бүлөлүк түшүнүшүү менен чечсе болот. Бирок сөзсүз түрдө мыйзамдаштыруу керек. Ошондо бир гана үй-бүлөдө эмес, мамлекетте дагы стабилдүүлүк орнойт. Албетте азыркы замандын айымдары бул нерсени оор кабыл алышат. Бирок сабырдуулук керек. Бул жерде эркектин ролу чоң.

Бир канча жыл мурда андагы юстиция министри Марат Кайыпов ушундай демилгени козгоп чыкканда аны да төө бастыга алышкан. Ал деле бекеринен козгобосо керек. Бул эми турмуш, реалдуулук. Азыр кара далы кыздар күн санап көбөйүп жатканын баарыбыз эле көрүп турабыз. Заман талабына жараша көп кыздарыбыз окуйм-чокуйм, карьера жасайм, бутума турам деп атып, бир күн караса эле отуздан ооп кеткен болот. Өзү курактуу жигиттер эчак үй-жай күтүп кеткен. Эми бизде элдин баары эле Эммануэль Макрон эмес да…

«Кырктагы киши кыз алат, кырктагы кызды ким алат?» — дейт кыргыз анын үстүнө. Ошентип анан жашым өткөнчө эптеп бирди төрөп алайын, карыганда эш болот деп кимдир-бирөө менен «сага эч кандай доомат артпайм, боюма бүтсө болду» дегендей макулдашып алгандарды деле көрүп жүрбөйбүзбү. Ошого окшогондор жашынбай, кысынбай баарын ачыкка чыгарып, баланчанын уулу, же кызы деп сыймык менен айтып жүрсө эмнеси жаман.

Анан калса азыр биринчи көчү бузулуп, оту күйүшпөй бир-эки баласы менен ажырашып алган бой келиндер да көбөйдү. Алар да бирөөгө көңүлдөш болгондон көрө экинчи аял болсо да бирөөнүн этегине эрмешип, ак никелүү жары болуп, бир коломтонун отун жагып отурса эмнеси жаман. Жок дегенде кыйшайса элден корунбай кол сунары, жөлөп-таяры болот. Динде деле ушундай эмеспи. Анан калса бул нерсе бир кылым мурда эле биздин салтыбызда болгон. Биздин муун байбиче-токол болуп эриш-аркак ээрчишип жүргөндөрдү көрбөсөк да угуп калдык.

— Качан ушундай ойго келдиңиз, же мурдатан эле ушундай ой бар беле?
— Бул нерсени ойлоп жүргөнүмө көп болду. Кээде ойлондурса дагы көп маани берген эмесмин. Акыркы убакта негедир жүрөгүмдүн тынчын алган маселеге айланды. Акыры бул мыйзамды кабыл алыш керек деген идеяны ачыкка чыгардым. Ишенесизби, бул маселени көтөргөндө менде эч кандай тартынуу, коркуу сезими болгон жок. Түпкүрдө туура иш жасап жатканыма ынандым, ишенич бар.

Коомчулуктан мурда айлана-чөйрөңүз, жакындарыңыз муну кандай кабыл алды?
— Айлана-чөйрөм, жакындарым мени ачык-айрым адам катары билишет. Мен журналист болгон соң өзүмдүн жеке көз карашым бар. Эмне үчүн өз ойумду ачыкка чыгара албашым керек? Албетте, бул демилгени көтөрүп чыккан соң достор арасында ар кандай пикирлер, таарынычтар болду. Демек бул мыйзам үчүн азырынча жалгыз күрөшөрүм белгилүү болуп калды. Албетте, Жараткандын жардамы менен…

— Бул демилге сизди элге таанытты окшойт, “атың чыкпаса жер өрттө” болду дегендер да чыкса керек?
— Бул демилге мени тааныткандан мурда коомчулукта пикир жаратты десем туура болот го. Себеби бул коомдун эң талылуу проблемасы. Тымпыйып отура берсек улут жоголуу коркунучунда турат. Албетте, ар кандай ойлор айтылып жатат. Бирок аларга көңүл деле бөлбөйм. Жөн гана жылмайып коюп жатамын. Тек гана бул маселенин түпкүрүндө менин жеке кызыкчылыгым эмес, кыргыз улутун сактап калуу маселеси жатканын түшүнүшсө жакшы болот эле.

Ушул ойду айтып чыккандан кийин коомчулукта сизге карата мамиле өзгөрдүбү, оң-терс пикирлер айтылды дегендей?..
— Ооба, далай сөздөр айтылды, айтылып жатат. Абдан күлкүм келет. Кээ бири мени бирөөнүн ойношу кылды, кээ бири экинчи аялы кылды, кээ бири турмушка чыга албай жатат деди, кээ бири өзүн рекламалап жатат деди. А бирок чындыгында алар менин жашоомду билишпейт. Көп жашаган эмес, көптү көргөн билет деген сөз бекер айтылбаган чыгар. Өтө акылдуумун дебейм, эч кимди жашоого үйрөтпөйм дагы. Бардык адам өз деңгээлине, анан ой жүгүртүүсүнө жараша иш кылат, сүйлөйт. Андыктан убакыт көрсөтөт. Мага жакшы сөз айткандарга да, жаман айткандарга да аманчылык, бакубат жашоо каалайм.

— Кыздардын, дегеле аялзатынын арасынан сизди колдогондор болдубу?
— Албетте колдогондор көп. Колдобогондор да көп. Жогоруда айтпадымбы, аял киши бул нерсени өтө оор кабыл алат. Болгону бул нерсе менен оорубаш керек. Жөн гана Жаратканга ишенип кой, калганы болот. Эгер Кудай буюруп, ушундай мыйзам кабыл алынып калса эң жакшы болот эле. Процесс узак. Бир канча жылды, балким кеминде чейрек кылымды, же жарым доорду камтышы мүмкүн. Бирок чыдашыбыз керек, кийинки муунду тарбиялап, даярдашыбыз керек. Бир доорду садага чапсак миң доорду, түбөлүктүүлүктү сактап калабыз!

— Башыңыз бош экен, ушул окуядан кийин колуңузду сурап жибергендер да чыкса керек?
— Мен эми турмуштун бир ысык-суугун көрүп калдым. Кечээки жаш кыз эмесмин. Кызым бар, чоңоюп келе жатат. Кээде күлүп, кээде ыйлап турмуш кечирип келе жатамын. Албетте, бул ойду айтып чыккандан кийин колумду сурагандар болду, болуп деле жатат. Бирок бардыгына сый жооп узатып жатам…

Эгер болочок түгөйүңүз токол алууга макул болбосо кандай кыласыз?
— Эми баары буйруктан. Келечектеги түгөйүм экинчи жубай алууга макул болбосо да макул кылабыз. Кыскасы аны токолдуу кылууга даярмын. Жада калса бул менин кыялдарымдын бири. Бул принцип эмес, бул жашоо. Бир аял эмес бир айылды баккан мырзалар бар. Анан кантип алар эки аялды бага албасын.

— Тескерисинче сизге экинчи аял болуу сунушу түшүп калса эмне кыласыз?
— Шарты туура келсе, биринчи жубайы, балдары каршы болбосо эмнеге макул болбошум керек. Бир үй-бүлө болуп жашап, тукум улагандын эмнеси жаман…

Булак: Кабар24-коом.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here