Чагылган: Археологдор Москвадагы Кытай шаардык дубалынан 5 жашыруун бөлмө табышты. Алардын бирин туристтер үчүн ачса, калган төртөө жабык болот. Бул тууралуу Москвалык археолог Леонид Кондрашев билдирген.
«Имарат чоң, ага кайра-кайра жашыруун бөлмөлөрдү салып кереги жок болчу. Бул дубалдын конструкциясын бузат. Бирок, аларды тыңшоо үчүн сала беришкен», -деп айтты ал.
Дагы бир жашыруун бөлмөнүн табылганы тууралуу 2017-жылдын мартында кабарланган. Ал Кытай шаардык дубалынын фундаментинин деңгээлинде, Иоанн Богослов церковунун маңдайында курулган. Болжол менен айтканда, ал жакта Кытай-шаарынын Богословдук мунарасы бар болгон.
Кийин, Москванын маданий мурас департаментинин башчысы Алексей Емельянов аны кирүүчүлөргө ачуу мүмкүндүгү бар экендигин четке каккан жок.