Бир жылаңач патриот досум, былтыр балдар ойноочу аянтчанын боюна узуну 5 метр темир орнотуп, ага Кыргызстандын желегин байлап койду эле. Жел жүрсө желбиреп, жүрбөсө – кайын-журтуна каттабаган калаалык келиндин жоолугундай салаңдап шүк турчу. Өгүнү өкмөттүн өкүлү келип: “День траур, желегиңди түшүр!”, — дептир. “Бабановдукундай мамлекеттик маанидеги чоң тууларды түшүрсөңөр деле жетет да, мунун эмнесин түшүрмөк элем, алып эле салайын”, — деп берки кырааным желегин түп-орду менен жулуп алыптыр. Ошентип, коңшу-колоң желеги жок калдык. Жакшы эле тилимди тишиме катайын дейм, ансыз да этегин жапсаң — төшү көрүнгөн төбөлдөрдүн төбөсүнөн Кудай уруп атканда… “День траур” менен “расписканы” бетине карманып айыл өкмөтүнөн тартып акүй өкмөтүнө чейин “апакай” болуп атканда…
“День траур” демекчи, “Асияжеңе” деп сактаптырмын телефонума. Чалат. “Байкең онунчу майда өлгөн, он үчүндө коюлган, эскерүү жазып кой, Аскерге, Олжобайга айттым…”, — дейт. — Ооба-ооба, — дейм, руль тегеретип баратып. Рулга окшоп жыл тегеренип кеткенин карачы! Былтыр, жарым карыш баш алган көк буудайы буралган талаанын четиндеги, бир дагы көрүстөн тургузулбаган кабырлардын катарына Жокемди жаткырып, үстүнө “күп-күп” топурак ыргытып аткан күндү эстедим. Казанак тараптан сунулган калай чакага дуба айтылган бир ууч топуракты салып коюп, күбүнүп-кагынып, калдайган кара очки тагынгандардан обочолой Зайырбек, Олжоке үчөөбүз эми Жолдошбек Зарлыкбековдун китебин чыгаруу керек экенин ниеттешип турганбыз. Адатта, жазмакер өлгөн соң, артынан китеби жарык көрөт эмеспи.
Эми, Жоке, Жолдошбек ага, Сизди эскериш үчүн Сиздикиндей деңгээл керек. Сизди эскериш үчүн Сиз окуган китептердин эң дегенде элүүсүн окуп, Сиз жазган макалалардын жок дегенде жарымын жазышым керек. Сиз жөнүндө чыныгы сөздү Алым жездеңиз гана жазмак. Анткени ал киши экөөбүздүн тең редакторубуз эмес беле. Ал эми, Сизге ыйманы ысык улуу муундагы үзөңгүлөш-кесиптештериңиздин кимиси “даап” эскерет билбейм. Кыргыз журналистикасына, маданиятына, саясатына эмгек өтөгөн Сиздей инсанды – балким, Түкөңүз жетектеген маданият министрлиги же “Журналисттер союзу”, “Жазуучулар союзу” дегендер эскерсе жарашмактыр. Бирок, андай “шаңгыраган” эскерүүлөрдү жактырмак эмессиз. Ага караганда Сизге Төкө досуңуздун карандай соккон тоонун шамалындай капыл-тапыл тосттору, мендей иниңиздин олку-солку ойлору алда-канча жугумдуу экенин билем. Анда, ошол олку-солку ойлорумду ортого салайын…
Жоке, Сиз, ашкере ак көңүл болчусуз. “Жок” дегенди айта албайт элеңиз. Мына ушул күлүп-жайнап, баш ийкеп турган бейнеңиз менен канчалык пайда тапсаңыз, ошончолук зыян тарттыңыз. “Жыгачтын жумшагын — курт жейт, адамдын жумшагын — адам жейт”, — деген макалдын практикалык мүнөзүн ачып бердиңиз. Жумшактыкка, жапакечтикке, билимкөйлүккө, намыскөйлүккө, уяткөйлүккө – бүгүнкү түркөй коомдо орун жок экенин далилдедиңиз. Сиз өскөн Кара-Кужурда мен да торолдум. Атаңыз Асанды көргөм. Күркүрөп аккан Кара-Кужур суусун жайкысын каалаган жээгинен сузуп, кышкысын үстүнө тоңгон музун ар-кай жеринен чагып ачып ичип чоңойдук. Кийин Кара-Кужур жөнүндө жазгандарыңызды окуганымда жүрөгүмдүн соккону кулагыма угулган.

Ар кимге эле байкала бербеген жөнөкөй көрүнүштөрдү чебер калемиңиздин күчүнө салып, укмуштуудай мазмунда чагылдыргансыз. Сүрөткерлигиңиз – Кубатбек Жусубалиевдикинен кем эмес экенине ынангам. Кубат аке: “Шамалга бир жата калып, бир тура калып, деңиздей толкуп…”, — деп Кара-Кужурдун арпа талаасын кандай кашкайта сүрөттөсө, Сиз, ошол эле шамалга дирилдеген чийге бирде коно калып, бирде корголой калган жылкычы чымчыкка жан-дүйнөңүздү, турмуш-тирлигиңизди кошуп жууруп жибергениңиз… Жоке, ошол көк папке толгон саргарган кагаздарыңызды окугандан кийин гана мен сизди мыкты акын эле эмес, дасыккан жазуучу катары тааныгам. Ал эми, “Асаба”, “Агымга” берген макалаларыңыз окулбай калчу эмес. Гезиттин “генератору” элеңиз, “летучкада” планга материал киргизгениңизде, редактор менен жооптуу катчы: “Жоке, болду, жетет, токтот, жетишпейсиң…”, — деп атышып, араң токтотушаар эле. Күжүрмөн болчусуз. Ал кездери саясат салааңыздан “куюлуп” турган. Бетиңиз бир аз калың болгондо эле, же депутат же өкмөт киши болуп чыга келмексиз, а болбосо, бийликтин пресс-кызматын “кызыл-жаян” тейлеп турмаксыз. Журналист – бул коом санитары дей турган болсок, Сиз өз вазийпаңызды так аткарып кеттиңиз окшойт. Абийири зордукталган, күчсүзү күчтүүсүн, билимсизи билимдүүсүн бийлеген өлкөгө көңүлүнүн жиби өтө ичке Сиздей адамдар көпкө байырлай албайт.
Жакшы жазмакер, адис катары баа бере алган, “интеллигенттүү” бийлик болгондо, балким, адабият, маданиятка ыктатып, Алыке менен Жокени “кармап” калышат беле, деген селсаяк ой да келе калат пенде башка. Китебине кичине тыйын берип, коммуналдык төлөмдөрүнө жарым пайыздап жеңилдик чектеп, сылап-сыйпап көңүл буруп койсо эле, өздөрүн керектүү адам эсептеп, жашоого сергек карап, ичип кетпейт, ооруп жатпайт, өлүп калбайт… 2000-жылдын жайы болчу. Алым Токтомушев, Жолдошбек Зарлыкбеков, Дүйшө Керимов деген үч “дөө” Асанбай кичи-районунун аркы тушундагы ээн талаага туруп алышып, Салижан Жигитовдун “Шуулдаба теректеримин” алмак-салмак жат айтышып, анан хор айтышып, талдашып, анан Шукшинге, Пастернакка өтүшүп… О бир маалда, Дүйшөкем Боогачынын “Үкөйүн” созуп… Шамалдуу түндүн оокумунда, үчөөнө улам-улам “устакан” сунуп мен турам… Бирок, ал мүнөттөрдө алардын кадырын азыркы кезимдегидей туйган эмесмин. Чыныгы таланттардын табияты да кызык келет экен, “жылкы мүнөз” тартып, бирде катуу, оор, бирде жеңил, морт… Ток этээри мындай: Булар — аалам менен дем алган кадырлуу адамдар! Булар — карызга баткан кедей өлкөнүн “миллионери” болуп жашоодон уялган адамдар!
Туура эле айттымбы, Жоке… Айтпаганда эмне! Аң-сезим ойгонмоюнча, түшүнүк оңолмоюнча айта беребиз да. Милдетибиз жазмай болгон соң, жазабыз да. Жыйырма жылга чукул силер сындап келген бийлик, азыр деле жетишээрлик сын угуп атат. Өзгөрүү нөл. Кесиптештериңиз баягыдай эле, ар кими өз “кожоюнуна” кызмат кылат. Эркинбиз дегендери “фейсбук” деген “ээн” талааны “мекендейт”. Сизди ошол ээн талаадан эскерүүдөмүн. Туура эле кабылдайсыз го, өзүңүз деле ээн талаада жатпайсызбы. Бирок, бу талаанын күйөрмандары көлөмдүү постко чыдабайт. Эмесе, жаткан жериңиз жайлуу, артыңыз кайырлуу болсун… Чын, Жоке, артыңар кайырлуу болсунчу! Антпесе, мына, азадан башыбыз чыкпай атат. Артыңыздан жалаң кырсыктан көп кыргыз набыт болуп кетти. Кыздар тирүүлөй өрттөндү, учак кулады, тоо урады, автокырсыктар… Ай, арман ай, артыңар кайырлуу болсунчу…

Автор: Азамат Кыязов

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here