10-майда Бишкекте 15 жаштагы өспүрүмдү коюп кеткен «Мерседес» автоунаасынын айдоочусу изделүүдө. Бул тууралуу Кайгуул-күзөт кызматынын Бишкек шаардык башкармалыгынын башчысы Жакып Жумаев «Азаттыкка» билдирди. Анын айтуусунда, түнкү саат ондордо «Кудайберген» автобазарынын аймагында «Мерседес» автоунаасы 8-класстын окуучусун коюп, из жашырып кеткен. Өспүрүм алган жараатынан ооруканада каза тапкан.

10-май күнү күндүз да Бишкектин Алматы-Чүй көчөлөрүнүн кесилишинде 16 жаштагы кызды автоунаа коюп кетип, айдоочу кызды ооруканага жеткирген. Текшерүүдө айдоочу алкогол ичимдигин ичпегени аныкталган.

Расмий маалыматтар боюнча, Кыргызстанда жыл сайын орто эсеп менен миң киши жол кырсыгынан набыт болот. Ар бир үчүнчү кырсыкка айдоочулардын ылдамдыкты ашыра айдоосу себеп болгон.

Булак: Азаттык

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here