Айзат Айтбекованы укук коргоо органдары Жал кичи районунан табышкан.

Борбор калаадан 6-майда жоголуп кеткен 19 жаштагы Айзат Айтбекова аман-эсен табылды. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине кыздын жакындары билдиришти. Алардын айтымында, укук коргоо органдары Айтбекованын айланасында жүргөндөргө байланышка чыгып, ал телефонун күйгүзгөн. Андан кийин ал кайсы жерде экени аныкталып, төмөнкү Жал кичи районунан табылды. «Анын денесинен зордук-зомбулуктун белгилери байкалган жок, бирок ал шок абалында, эч нерсе айтпай жатат. Психологго алып барып, эмнеге жоголуп кеткенинин себебин билүүгө аракет кылабыз», — деп туугандары билдирди. Айтбекованы издөө менен Свердлов РИИБдин кызматкерлери алектенишкен.

sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here