Рыспай кетти, Асанкалый кетти… Эмки кезек меники, — дечү кайран Бөкөм армандуу өткөн тоо булбулдарын эстеген сайын. Ооба, Бөкөм алардай ырчы да, обончу да, бүтүндөй бир элдин музыка өнөрүн жаңы нукка салган кайталангыс, көөнөргүс жана өлбөс-өчпөс талант да эмес эле. Бирок экөөнүн тең уялаш бир туугандан артык досу, айныбас күйөрманы, жаңылбас жазарманы болчу. Бөкөм барда ал эки залкарга эч ким чаң жугуза алчу эмес. Алар тууралуу концерт болсун, эскерүү болсун, деги эле чыгармачылыгы менен өмүр баяндарындагы кыбыр эткен эмне болсо да — ошонун баары Бөкөнбай байке аркылуу гана болот эле. КТРдин алардын чыгармалары же алар тууралуу көрсөтүүлөрү сакталган архиви бүт Бөкөнбай Боркеевдин жеке менчиги болчу. Себеби КТРде видеоархив деген кызмат эч убакта болгон эмес. Тасма жетишпегендиктен көрсөтүү эфирге чыгаары менен өчүрүлүп турчу. Бөкөнбай байке тырмышып-тытынып, кесиптештери менен, чоңдор менен урушуп-мушташып жатып, аларды сапаты начар тасмаларга болсо да көчүрүп алып, сары майдай сактап жүрөөр эле. Рыспай менен Асанкалыйдын азыр да өңү бозоруп анда-санда эфирге чыга калып жаткан тасмалары мына ушул Бөкөмдүкү.
Бөкөм ушул аталган эки досу эле эмес, Атай, Муса, Жумамүдүн, Аксуубай, Калыйбек, Эсенбек, Түгөлбай, Мукан, Жолдошбек… деги койчу, кыргыз обондорунун алтын доорун жараткан залкарлардын кимиси үчүн болсо да өлүп берүүдөн кайра тартпаган жан эле. Мына эми өзү да өлүп жаны тынып олтурат…
Бөкөнбай Боркеев менин да саналуу журналисттик жана жазуучулук устаттарымдын бири эле. Кезит беттеринде дээрлик отуз жыл бою Боркеев менен тең тайлашып айтышаар чебер жана өткүр публицист болгон эмес. Ал кандай маселе болбосун акыркы чекитти коёор эле. Кандан-бектен кайра тартканын, кимдир бирөөгө, айрыкча чоңдорго кошомат кылганын эч ким көргөн эмес.
Бөкөм экөөбүз өмүр бою тилектеш, санаалаш болдук. Ал турсун адилетсиз чоңдор менен чабышта майдандаш болуп, жалган жалаа менен айлап-жылдап сот-прокуратурада эжигейдей эзилип, өлдүм-талдым дегенде араң акталып чыккан жайыбыз бар. Ошондо экөөбүз кучакташып алып ыйлаганбыз… Бөкөнбай байке КТРде кошоматчы, шылуун жана паракор чоңдор менен ачык күрөшкөн акыркы алп болуп калды.
Ошентсе да Бөкөмдү Бөкөмбай кылган Анар жеңем эле. Эми ошого эле кыйын болду. Өзү эзип аткарган ырындай Арман жеңеге айланды да. Арман, арман… Бу дүйнө кимден кетип, кимден калган!!! Жараткан Кудайым Бейишин берсин дейли. Жүздөгөн телекөрсөтүүлөрдү жасап, ондогон китептерди жазып, көзгө көрүнөөрлүк ыпым байлык топтоого умтулбай, жалаң жан азыгын жайылтуу менен алек болуп өмүр кечирген Бөкөнбай Боркеев агабыздын жаткан жери жайлуу, топурагы торко болсун!

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here