Туркменистандын борбору Ашхабадда 100дөгөн адамдардын катышуусунда мушташ болду. «Азаттык» радиосунун түркмөн кызматынын маалыматында, мушташ өткөн жуманын акырында, саат кечки 20:30дарда башталган. Хитровка деген ат менен таанылган кичи райондон 200дөй адам Тынчтык кичи районуна жөөчөнү жөө, кээси унаалар менен куралданып келип алышып ызы-чуу чыгарышкан.

«Алардын көпчүлүгү жөө, кээси унаада келишти. Алардын кыйкырыгы мас же чегип алган адамдарга окшош эле. «Биз Хитровкалыкпыз. Ким кыйынмын десе келгиле,эркекмин десеңер чыккыла. Биз силердин жазалаганы келдик», — деп кыйкырып атышты», -деп билдирди Мир кичи районунун тургуну.

Анын айтымында, райондун тургундары кыйкырып-өкүргөн «толпаны» көрүп үйлөрүнө кире качышкан. Ал эми кире албай көчөдө калгандарды жаш-карысына карабай сабаган. Алардан таяк жегендер жаш балдардан 55 жашка чыгып калган ак сакалдарга чейин бар. Аларды жатып калгыча тепкилеп, үстүнө чыгып тебелешкен.

Ал эми аталган жерден полиция участогу 250 метр алыстыкта эле. Ызы-чуу 1,5 саатка созулган. Көпкөн балдар тарап кеткенден кийин гана полиция менен тез жардам келген.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here