Чагылган:Алматыда эл ташыган автобус Mercedes-Benz G-класс менен сүзүшүп барып столбага урунган. Жүрөктү үшүткөн жол кырсыгынын видеосун инстаграммга жүктөшкөн.

Казак жол кайгуулунун билдиргенине караганда, кырсыктан 17 адам оор жаракат   алган.

Маалыматка ылайык, бул факты боюнча РКнын ККнын 345-беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

Күбөлөрдүн айтымында,  «Гелендвагендин» айдоочусу 2-сызыктан оңго бурулганда, ошол жолдо келе жаткан автобус менен кагылышып, автобус сыртка сүрүлүп кеткен.

Экөө тең катуу келе жаткан. Автобустагы 40 жүргүнчү тез жардамга муктаж болгон.Кээ бирлери ооруканага дароо жеткирилген. Автобустун айдоочусу катуу жабыркаган.

https://www.youtube.com/watch?v=9fmJWXjS5Ec

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here