Чагылган:Түрк прокуратурасы аскердик төңкөрүш уюштурууга даярданган деп күнө коюлган, ислам жол көрсөткүчү Фетхуллах Гюленди 3 623  жылга өмүр бою жана ага 2 923 жылды кошуп абакка кесүүнү талап кылышууда. Бул тууралуу Hurriyet басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, айыптоочу тарап Гюленге 2,2 млн сутка темир торго камоону штраф катары кошууну талап кылышкан.

Өлкө ичинде, Гюленге карата 20 дан ашык кылмыш иши козголгон.

Эске салсак, 2016-жылкы ишке ашпай калган төңкөрүштөн кийин, Эрдоган Гюленди башкы уюштуруучу катары атаган. АКШда жашаган Гюлен өзүнө коюлган күнөөнү так секирип танууда. Ошентсе да, түрк бийлиги — аны террористтик уюмдун лидери катары сыпаттап мекенине кайтарып берүүсүн сурап атышат.

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here