Куудулдардын арасынан да ажо болсом элди күлдүрө берип жыргатам дегендер бар.  Андайлардын эң таанымалы калың кара чачтуу, акылы мээсинен батпай ашып турган Жамбыл Камчиев. Ал дайыма болгондо да президенттик шайлоо болордун алдында  уйкусу келбей нары-бери оодарылганды жакшы көрөт. Кээде адамды ичиркентип, төбөңөн муздак суу куйгандай ойлорун фейсбукта ойдолотот.  Өткөндө нарындыктардын башын сайып эл үчүн иштеген кайсы кыйыны бар деген “фокусун” алкынтып кое берди эле коомчулук катуу сынга алып жатат

Ал эми ага жан тарткандар, айрым гезиттер тимеле  “шедевр” пикир айтылгансып жалжайып жиберишти. Өзүнөн да улам интервью алышып дегендей. Наадандыктын жеткен чеги ушул эмеспи.  Ошол кептерди эмдигиче шишке сайып көкөлөтүп турушкан кези. И-ии дагы бир жолу кайталап коюңузчу деп чечекейлери чеч болот десең. Ар бир кептин артында  “бир иттин өлүгү” көмүлгөнүн акылы барлар баамдап алышат.  Шүгүр дейли, касиеттүү Нарын тараптан  бийликти мыкчып отургандарды санасак толтура. Аларды санай берсең санатың жетпейт. Тирүүлөрдүөн мурун: саясаттагы эле Нарындан Кыргызстанды 24 жыл былкылдатпай башкарган Турдакун Усубалиев, 10 өкмөт башчы болгон Акматбек Сүйүнбаев,  баштаган сыймыктуу инсандарды айталы. Алардан мурунку заманда: сырткы  душмандардан элди сактаган:  Түлкү баатыр, Качыке баатыр, Атантай, Тайлак баатырлар, Ажыбек баатыр, Эраалы баатыр, Ормон хан баштаган ондогон батырлардын кыргыз тарыхындагы орду эбегейсиз. Ал эми Калыгул, Куйручук  олуяларга сөз жетпейт. Балким, Жамбылдын “хохмалары” айрымдардын чырагына май тамгызып жаткандыр?  УКМК эмнени карап жатат. Дача –Суга учак кулаганда Дөөталиева Айзада деген неме түндүк-түштүктү бөлүп, оштуктарды кемсинте сүйлөгөндө УКМК сураака албады беле. Эмнеге Камчиевди бир “камчылап”, оздуктап коюшпайбы. Мындай элди бөлгөн ээн ооздорго убал жок.     Элди бөлгөндөргө катуу чара көрбөсө болбойт.

Булак: Багыт

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here