Чагылган: Демократ Мун Чже Ин Түштүк Кореядагы президенттик шайлоодо жеңишке жетишкендинин exit-polls агенттиги жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Мун Чжэ Инге калктын 41,1 % , консервативдик «Эркин Корея» партиясынын өкүлү Хон Чжун Пхө 23,3%, Элдик партиянын өкүлү Ан Чхоль Су — 21,8% добуш алган.

Мун Чжэ Индин тарапташтары аны колдоп Сеулдун борборуна митингге чыгышкан. Шайлоочулардын саны 42 миллиондон ашык катталган жана 14 миң шайлоо участогу иштеген.

Түштүк Кореяда кызматтан четтетилген мурунку мамлекет башчы Пак Кын Хеден кийин 2 ай өтүп, мезгилсиз шайлоо өткөрүлдү. Пак Кын Хе олуттуу коррупциялык скандалга тиешеси бар экендиги аныкталгандан кийин импичмент жарыяланып, кызматтан кеткен.

Жаңы президент, бүгүн, 10-майда ишке киришти.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here