Чагылган: Таиланддын королу Маха Вачиралонгкорн Мюнхенден учуп келген Boeing -737дин трапынан жарым жылаңач түшкөндүгүн немец басылмасы Bild жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, 63 жаштагы хан тактынын мураскери  ылдый курчоодогу (низкий посадко) жынсы шым, денесине тамтыгы жок тартылган татуировкаларын көргөзүп жеңи жок кыска топик кийип алган. Бутунда сандаль, колуна ак пудель (ит) көтөрүп алган.

Титулду коноктун сапарын кыска топик, ичке жынсы шым кийген аялы жандап алган. Ал эми принцтин 30дай кайтаруучулары иштиктүү костюм шым кийген. Басылманын маалыматына таянсак, Вачиралонгкорн Бавариядан Шатарнберг көлүнүн жээгинен 10 миллион еврого вилла сатып берген.

Тактынын мураскеринин — бул үчүнчү аялы. Анын 7 баласы бар. Мураскер принц кезинде, Таиландда ал атактуулугунан колдонбогон. «Шикарный» жашоо образында көңүл ачып жүргөн жана жүрөт. Анын чыгымдарын мамлекеттик казына төлөп келет.

Таиландды,  1946-жылдан бери, 70 жыл бою Таиландды кронпринцтин атасы король Пхумипон Адульядет башкарган. Вачиралонгкорн болсо, ал өлгөндөн кийин  гана былтыр бийликке келген.

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here