Нарын облусунун 26 жаштагы тургуну учурда изделүүдө.
Бишкекте маршруттук таксинин айдоочусу кемпирди коюп кеткен, кызды бузуп, уурулук кылган деп шектелип учурда изделүүдө. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине шаардык Кайгуул милиция башкармалыгынын жетекчиси Ажыбек Майназаров билдирди. Анын айтымында, Нарын облусунун 26 жаштагы тургуну Бишкекке келип, маршруттук таксилердин биринде айдоочу болуп иштей баштаган. 1-майда ал Жибек Жолу жана Тоголок Молдо көчөлөрүнүн кесилишинен кемпирди коюп, из жашырып кеткен.  Алынган ыкчам маалыматтар боюнча ал бусту Военно-Антоновкага алып барып, саздак жерде өскөн камыштын арасына катып койгон.

Ал жактан машинаны тетиктерге бөлүп салган. Башка айдоочулардын айтымында, изделип жаткан киши мыйзамсыз иштеп, өзүнүн маршруткасына 184чү жана 170-номерди тагып алып жүргөн. Майназаров айдоочулар анын бул кылыгын билип калып, сабак болсун деп сабашканын кошумчалады. Ошондой эле алынган маалыматтар боюнча ал 21 жаштагы кыз менен таанышып, кош бойлуу болуп калгандан кийин кыз 3-майда көз жарган.

Балалуу болгонун кыздын жакындары билбей турганы айтылууда. «Төрөтканага келип жаңы төрөгөн келиндин телефонун уурдап, из жашырып кеткен. Учурда келин милицияга кайрылууну каалап, тигил жаран тийиштүү жазасын алсын деп жатат», — деди Майназаров. Учурда шектүү жаран качып жүрөт. Ал кармалса уурулук, кишини коюп кетүү, жол кырсыгы болгон жерден качып кетүү, алдамчылык боюнча айыпталат.

sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here