Шумдуктуулар кийинки кездерде чубалжып чыгып жатат. Өмүрү эшекти атка теңебей келген айрым укмуштуулар эми анын сүтүн теңдешсиз дары кылып аздектеп калышты. Көрсө, анын ынак сүтү жылкынын кымызынан миң эсе артык имиш. Ал тургай обу жоктонуп кеткен “дарыгерлер” саратанда тоо тарапка чатыр тигип эшектин сүтү менен сыркоологондорду айыктырууга далалат жасашууда. Көрсө,  биротоло өлөт деп больницадан чыгарып койгон бечаралардын көбүн так  ушул эшектин касиеттүү сүтү менен адам катарына кошуп коюшуптур. Эгерде чын эле эшектин сүтүнүн дарылык керемети болгондо ата-бабаларыбыз билет эле го деген шектенүү пайда болбой койбойт тура?

Буга далил катары бизге ооп келген кытайлардын жоругун айтышууда. Анткени алар баш баккан айылдарда эшек аттуулар кєздєн кайым болуп жатканы ырас. Бу кургурлар эшектин сүтүн гана эмес этин да барктап, баалап жеп жатпайбы. Биз арам деген төрт буттуунун шыйрагынан бери азык кылган кытайлар неге эшекти көргөндө оозун жалжайтып жибергенин качан гана алар сымал даамдаганда билүүгө болот. Кескелдирикти, коңузду ойлонбой оозуна салган кытайга эшектин эти деликатес катары саналарын өздөрү  кысынып-кымтынбай эле шардана кыларын билебиз. Эмнеси болсо да акыркы мезгилде элеттиктер эшекти катуу кайтарууга өтүштү.

Өткөндө эшектин дагы бир өзгөчө сыры ачыкка чыкты. Айылда өзүнөн өзү күлө берген, төө десе бээ деген келесоо чалыш бир адам бар эле. Мына ошол кишиге кандай болор экен деп эшектин мээсин атайын бышырып беришиптир. Эртеси күнү баягы жалаяктай болуп күлгөн киши олуттуу сүйлөп калганын көрүп баары таң калышыптыр. Муну биротоло бекемдеп коёлу деген ойдо наркы айылдагы дагы бир эсинен ажыраган аялга эшектин мээсин бышырып жедиришиптир. Натыйжа жөндүү чыгып ал аял да оңолуп кетиптир. Эки бакыр, бир тукур кылып айыккан эркектана менен оолукмасы жоголгон аялды жупташтырып коюшса эми алар оокатын жасап жүрүшөт дейт.

Ошентип эшектин касиетине дем берген дарыгерлер эшектин сүтү кандай ооруга, мээси эмне дартка шыпаа болорун изилдеп жүрүшкөнүн эшиттик. Чоң табылгага күбө болгон эмчилер мындан ары эшекти канаттууга кактырбоого, кытайларга жедирбөөгө катуу киришкен кези. Табылгыс кенч болгон эшектин мээсин алар лабораториядан өткөрүшүп, дары жасоого сертификат аларына көздөрү төрт болуп туру.

Издегени асмандан эмес жерден табылганына кудуңдаган эшекти баалагандар акырындык менен фермаларды түптөп, аңгырап кыйкыргандарынын оозун кемечтеп, сүйкүмдүүлөрүн асыл тукумдукка бөлүп чыгып булардын тукумун жакшыртууга ниетин бурушту.

Кийинки учурда курулай аңгиленип айкырган эшектерди жолуктурууга кыйын болуп калганын туйдук. Көрсө аларга аяр жасалган мамиле кыял-жоругун өзгөртө баштаптыр. Жылуу сөз, камкор мамиле кимди болсо да оң жолго салат турбайбы.

Баарынан да бийлик, мансап дегенде эс-акылынан айрылган бечараларды эпке келтирүүгө эшектин мээсинин таасири кандай болорун аныктоого олуттуу маани берилди. Себеби, ар жылы жазда, күздө шамалдап калган айрым көпкөндөрдү жолго салбаса болбой калды. Ансыз да сызга отурган өлкөнү алар ого бетер солкулдатып ишпалдасын чыгарууда. Кас-кас турган наристедей болгон абалга келген мамлекетти сактай албасак биздин дарыгерчилигибиздин кимге кереги бар деп жүрөгү соккондор зарыл дарыны колдонууга олуттуу көңүл бурууда. Айтор, эшектин мээсине түркүн чөптөр кошулуп жасалган дары көп дартка даба болоорунан күмөн жок. Кумурскадай болуп көбөйгөн, мээси сааттай иштеген кытайлар неге эшекти кудайындай көргөнүнүн себебин билген дарыгерлер дагы далай бийиктиктерди багындырышат окшойт. Деги бул жашоодо чети оюлбаган сырлар көп турбайбы?..

Булак: Багыт

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here