Өзбекстанда чиновниктер берилген ишти так аткарбаса айлык албай иштейт. Мындай жаңылыкты өзбек президенти Шавкат Мирзиёев киргизди.

Президенттин токтомуна ылайык, 2017-жылдын 1-июлунан тарта аткаруу бийлигин стимулдаштыруу системасы ишке кирет. Бул демек, эгер чиновник берилген тапшырманы так аткарбаса, ага материалдык айып пул салынуудан баштап, маянасынан кол жууганга чейинки жаза каралган. Айыпт пулдун суммасы бардыгына бирдей айлык окладынын  15%дан башталат.

Ошону менен катар, тескерисинче ишин так, өз убагында ашыра аткаргандарга сый акы(премия) түрүндө 15%дан баштап акча төлөө каралган. Токтом облустук жана райондук башчыларга, акимдерге да тийешелүү. Акимдердин орун басарларына жакшы аткарган иши үчүн 20% жогору сый акы каралган. Эгер начар иштесе, айлыгынан 20% алынып турат.

Ушундай жол менен Мирзиөев, 2017-2021-жылдар аралыгындагы мамлекетти өнүктүрүү стратегиялык планын ишке ашырууну көздөөдө.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here