Абдылдаев Насыркул 1919-жылы 20-январда Жайыл районунун, Сары-Булак кыштагында туулган. Согуштун жана эмгектин ардагери.

Мен бул ардагер атага жана анын баласына аз күн мурун борбор шаарыбыздагы Ак үйдүн жанынан кезигип калдым. Майрамдын алдында Кыргызстан профсоюздар союзу чакыргандыктан, ошол жерге шашлып кетип барытшыптыр. Шашып жатканына карабастан, 98 жаштагы атабыз орусча да, кыргызча да шакылдата сүйлөп берди.

-Мен 1919-жылы туулгам. Жайыл районундагы Сары-Булак деген айылда туулгам.

Согушка канча жашыңызда кеттиңиз эле?

-1939-жылы чакырылгам. 20 жашта болчумун. Жалпысынан 7 жыл кызмат кылдым. Комсомольск-на-Амуре шаарында кызмат өтөгөнбүз. Анан Японияда Сунгари деген дарыя бар. Ошол жерде да болдук. Жеңишти ошол Япониядан тостук. Еврейский автономный облус деген болгон. 15-армия деп койчу.  Ошол жерде жеңишти кубанып тосуп алдык. Мекенибизге аман — эсен кайтып келдик. 1948-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын борбордук комитетинин алдындагы партиялык мектепти бүтүрдүм.  Ага чейин Фрунзедеги педагогикалык орто окуу жайында окуганбыз. 1948-55-жылдары Кыргыз ССР Жогорку Советинин алдында иш башкаруучу жана анын алдындагы Маданият министрлигинде орун басар, башкы башкармачылыктын башчысы жана коллегия мүчөсү болуп иштедим. Кулатов менен Жогорку Советте 10 жыл иштегем.

Эмгегиңиз бааландыбы, ата?

— Узак жылдар бою иштедим. 1985-жылы эс алууга чыккам. Иши кылып, мен иштебеген жер калган жок. Жанымдагы балам, 60ка чыкты.

-Канча уулуңуз, канча небере – чөбөрөңүз бар?

-Ой, эми көп да. 7 неберем, 13 чөбөрөм бар.

Азыркы бийлик ардагерлерге кандай кам көрүп жатат? Нааразы эмессиздерби?

-Жакшы эле. Колдон келген, мүмкүнчүлүккө жараша кам көрүп жатышат го. Белек-бечкектерди беришет. Убагында партия машине да берди. Ар кандай. Негизи адам көп нерсеге тойбойт да. Эми бизди күтүп атат, балам. Баралы.

https://www.youtube.com/watch?v=Aiz10b2368I&feature=youtu.be

Насыркул ата тууралуу кошумча маалымат: 1956-1981 – жылдары. Кыргызсовпрофто маданият кызматкерлеринин профсоюздарынын республикалык комитетинин төрагасы болуп иштеген. Согуштагы эрдиктери үчүн Улуу Ата Мекендик согуштун II даражадагы жана «Кызыл Жылдыз» ордендери, бир нече медалдар менен сыйланган. Республикалык жана союздук профсоюздардын борбордук комитетинин пленум мүчөлүгүнө бир нече жолу шайланган. ВЦСПСтин, ВЛКСМ борбордук комитетинин, СССР Маданият жана Коргоо министрликтеринин жана СССР ДОСААФтын грамоталары менен, Кыргыз ССРинин Жогорку Советинин Ардак грамоталары менен 4 жолу (1951, 1960, 1972, 1977) сыйланган.  1969-жылы Кыргыз ССРинин маданиятына эмгек сиңирген ишмер наамын алган.

2009-ж. 20-январда Бишкекте 90 жылдык юбилейи өткөрүлгөн.  Учурунда Төрөбай Кулатов, Абды Сүйөркулов, Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиевдер өндүү совет өкмөтүнүн белгилүү ишмерлери менен иштешкен.

Мына ушундай баскан жолу баалуу, өмүрү өрнөктүү аталарыбыз менен сыймыктанышыбыз керек. Биз бул аталарбыздын эрдиктерин, эмгектерин кийинки муундарга байма-бай айтып, даңазалап турууга милдеттүүбүз. Насыркул атабызга чың ден-соолук, кажыбас –кайрат, бактылуу карылык, ошондой эле дагы да узак өмүр тилейбиз. Ар дайым күүлүү –күчтүү болуп, элибиздин сыймыгы болуп, аман-эсен жүрө беришин каалайбыз.

Автор: Айбек Шамшыкеев

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here