Чагылган: Бүгүнкү күнгө Кыргызстанда жалпысынан Уулу Ата Мекендик согушка катышкан  647 ардагер калды. Маселен, кичинекей Таластан  согушка 17 миң 85 адам аттанып, 7 миң 373ү согуш талаасында курман болгон. Ал эми 6 миң 270 адам дайынсыз  болуп калган. Кайтып келген 4 миң 420 ардагерден бүгүнкү күндө Талас облусунда 29у гана калды. Алардын эң улуусу 102 жашта.

Ал эми бобор шаардан эң алыс жайгашкан Баткенден жалпсынан 20766 адам согушка аттанып, анын 14 213 каза тапкан. Учурда Баткенде 29 согуш ардагери бар. Бажум айылында 96 жаштагы ардагер атабыз  Жээнбек Сатыевдин 8 баласы, 110 небереси, 45 чөбөрөсү, 8 кыбырасы бар. Ал согушка 1944-жылы аттанып, мекенге 1950-жылы кайтып келген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here