Чагылган: Ооба, чын эле. “Албарсты мени басты” деп дөөдүрөп ырдап чыгышкан кыздардын атагы таш жарып жатат. Бирок ошол эле учурда алардын дарегине ар кандай сөгүү, катуу сындар,  айтылууда. Ал тургай аларды каргап-шилегендер да жок эмес. Тиги “Көк мээ” тобунун кыздарына баары бир экен. “Албарсты улуттук кенч, экономиканы көтөрөт” – деген кыязда жеңил-желпи “сары” басылмаларга маек берип, өздөрүнчө эле “бактылуу” болуп жатышат. Эми бул кыздар укмуш ачылыш жасап жаткансып, “албарсты” тууралуу жөнүндөгү тамашанын идеясы талашка түшүптүр. «Тамашоу» долбоорунун 2-сезонунда ойногон «Алтын кен» командасынын оюнчусу Максат Шаарбек уулу албарсты тууралуу тамашаны бир топ жыл мурун сахнада ойношконун, бул идея  аталган топко таандык экенин жар салды.

https://www.youtube.com/watch?v=_1Hx1DsZvAc&feature=youtu.be

Башкасын талашып бүтүп эми талаша элек “албарсты” эле калган экен го. Буларды жайына койсо, “шайтан меники, шайтан сеники” деп деле талашышат окшойт. Мындай маңкуртчулуктан алыс эл болушса боло… Чоң бир укмуш, адамзаттын жан дүйнөсүнө төңкөрүш жасай турган чыгарманы талашып жатышса, бир жөн эле. Акылдан айныгандыктын, наадандыктын да чеги болот да, акыры…Буларга бир гана Жаратканыбыз акыл бербесе, элдин сыны, жакындарынын айтканы жетпейт экен… Маданият министри эмнени карап олтурат? Илгеркидей катуу иштеген Көркөм кеңеш түзүп, мындай алжыган чыгарма сөрөйлөрдү  иргебесе болбой калды…

https://www.youtube.com/watch?v=5zRCsayE8dE

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here