Бишкектин борбордук бөлүгүндө атышуу болгондугун Sputnik Кыргызстан агенттигине күбө билдирди. Анын айтымында, окуя Исанов менен Абдымомунов көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. «Эки топко бөлүнгөн кишилер кайым айтышып, уруша кетишти. Анан бирөөсү травматикалык тапанча менен беркилерди ата баштады», — деди күбө

Анткен менен Тез жардам кызматы аталган жерге чакыруу болбогондугун маалымдады.

Ал эми шаардык милиция атышуу түнкү саат үчтөрдө болгондугун тастыктады. «5-6 бала уруша кетип, аягы атышуу менен аяктаган. Учурда төртөө кармалып, ооруканада жатат», — деп милициядан билдиришти. Учурда аталган факты боюнча тергөө амалдары башталды.
Sputnik

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here