Чагылган: Францияда өткөн Президенттик шайлоонун 2-турунда 7-майда жеңишке жетишкен, «Алга» партиясынын лидери Эмануель Макрон Франциянын тарыхында эң жаш президент болуп келди. Ал учурда 39 жашта.

Анын жубайы, Брижит Тронье Макрондон 25 жаш улуу жана кесиби боюнча француз тили мугалими. Учурунда Эмануелдин өзүн окуткан.

ММКлардын жазганына таянсак, Макронго аялынын таасири өтө жогору. Жеңиштен кийинки расмий сөз алган Макрон жеңиши үчүн, жакындарына жана үй-бүлөсүнө ыраазычылыгын билдирди. Республиканын 5-Президентинин ыраазычылын коомчулук, «Брижитке» деп жооруп коюшту.

Ал эми Брижит Тронье, улуттук гимн ойнолуп жатканда жолдошунун колунан өөп койгон. 64 жаштагы биринчи айым шайлоо компаниясында өтө олуттуу роль ойноп, бир да мүнөт Макрондун жанынан чыккан эмес жана ага кеңеш берип, эл алдында сүйлөө сөздөрүн даярдаган.

Азыр эле байкоочулар, Брижит Тронье Елисей хан сарайында  АКШнын мурунку биринчи ледиси Мишель Обамадай олуттуу роль ойноорун айтышууда.

Ал эми анын жактоочулары, Брижит саясаттан тыш билим берүү жаатын жаңылоо менен алектенерин айтышууда.

Эмануэль жана Брижит 2007-жылы үйлөнүшкөн, ага чейин «биринчи айым» үй-бүлөлүү болуучу. Ал жолдошунан  үч баласы бар. Мурунку жолдошу Андре Луи Озьера банк кызматкери болуучу.  Макрон менен ортодо баласы жок Брижиттин 7 небереси бар.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here