Чагылган: Саясатчы Темир Сариев бүгүн Бишкекте өткөн «Өлбөс полк» акциясына катышты. Бул акциянын деңгээли жылдан-жылга көтөрүлүп баратат. Быйыл ага катышкандардын саны 30 миңге жеткени айтылууда. Жөө баскан элдин узундугу 2 чакырымга созулду.  Ал эми Преизденттик шайлоого аттанган, саясатчы Сариевди жандаган  бир катар саясатчылардын да саны күн санап өсүп баратат. Бул да бекеринен эмес чыгаар. Темир мырза, бул акциядан соң өзүнүн соцсеттеги баракчасына акция тууралуу төмөндөгүдөй кыска ой бөлүштү: 

-Бүгүн “Өлбөс полк”  жөө жүрүшүнө катыштым. Акцияга чоң атам Казак Сариевдин портретин көтөрүп чыктым. Ал 1939-жылы аскерге чакырылып, 1941-жылы фронтко аттанган. Ошол бойдон согуштан мекенине кайткан эмес. Биз анын дайын-дарегин билели деп көп убакыт издедик, бирок эч маалымат ала элекбиз. Ошондуктан, согушка катышкан ар бир адамды чоң атамдай жакын көрүп, алардын эрдигине суктанып келем. Биздин кең келечегибиз үчүн согушкан ардагерлербизге башымды ийип таазим этем.

https://www.youtube.com/watch?v=wvggcXu9CJU&feature=youtu.be

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here