Иш-чара КР Маданият министрлигинин жана Ош шаардык мэриясынын колдоосунда өтөт.

14-май күнү Ош шаарындагы Сулайман тоонун этегинде эки миң ак элечекчен апалар тилек айтышат. Бул тууралуу иш-чаранын уюштуруучуларынын бири Элнура Кулуева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Демилгечилердин айтымында, иш-чара КР Маданият министрлиги менен Ош шаардык мэриясынын колдоосунда өтөт.

«Иш-чаранын бир нече максаты бар. Биринчиси — элекчекти жайылтуу. Экинчиси — араб элинин улуттук кийими болгон хиджапты массалык түрдө кийүүнү адатка айлантып бара жаткан түштүк регионунун аялдарына элечектин маани-маңызын жеткирүү. Үчүнчүдөн — акыркы убактарда болуп кеткен табигый кырсыктарга карата, апаларга кудайга сыйынуу иретинде ыйык тоонун этегинде тилек айттыруу», — деди Кулуева.

Бул күнү Ош шаарына Баткенден, Өзгөндөн, Алайдан, Лейлектен жана Бишкек шаарынан апалар барышат. Ошондой эле бул иш-чаранын алкагында «Кийиз дүйнө» коомдук фондунун өкүлдөрү Ош шаарынын окуу жайларынын студенттерине элечек тууралуу бир жума бою лекцияларды окушат.

Булак: Спутник

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here