Зарлык Сагынбаев Ааламдын бир бурчунан орун алган кыргыз жергесиндеги айтылуу Сары Өзөн Чүй областынын Аламүдүн районуна караштуу  Байгелди айылында 1922-жылы май айында кедей-дыйкандын үй-бүлөсүндө туулган. Ал адегенде жогорку Аларча орто мектебинде окуган, андан кийин Фрунзедеги маданий агартуу мектебин окуп бүтүргөн. Кийинки жылдары КПСС БКнын алдындагы жогорку партиялык мектепти сырттан бүткөрөт.

Зарлык Сагынбаев эмгек жолун Фрунзе шаарындагы “Кыргызстан” мамлекеттик басмасында корректорлук кызматтан баштаган. Кызуу эмгектене баштаган маалда Улуу Ата Мекендик согуш башталат. 19 жаштагы Зарлык Сагынбаев биринчилерден болуп өз каалоосу менен согушка баруу үчүн аскер комиссариатына барат. Бирок аскер комиссариаты аны аскерге алуудан баш тартат, себеби ал карыган ата-энесинин жалгыз карманган тиреги болчу. Ага карабастан жүрөгү жалындап күйүп турган  Зарлык  аскерге жөнөп жаткандар менен жашыруун түрдө поездге олтуруп кетип калат.

Аскерден ал  Орто Азия аскер округунда Полктук мектепте командирлик курста окуп, аны 1942-жылы бүтүргөндөн кийин 1943-жылы Москвадагы өзгөчө жогорку мектептин курсанты болот. 1943-1944-жылы Крым жергесинде чалгындоочулук милдетти аткаруу үчүн душмандын согуш майданынын арт жагына жиберилген.

Сагынбаев согушта Европанын бир топ мамлекетинде чалгынчы катары жүргөн

 Чынында эле  Зарлык Сагынбаев 1941-жылдан 1946-жылга  чейин армияда кызмат кылган. Ага улуу лейтенант деген наам берилген. Ал майдан талаасында көптөгөн кооптуу тапшырмаларды аткарып, эр жүрөктүүлүгүн, тайманбастыгын көрсөткөн. Ошондон улам ал бир топ сыйлыктарга татыган.

Ал Польшадагы, Германия, Австрия, Чехословакия, Венгриядагы согуштук тапшырмаларга катышкан.   1945-жылы Украина №1-фронтунда болуп, Маршал И. Коневдин жетектөөсү менен Берлинди алуу боюнча кандуу согуштук тапшырмаларды аткарууга катышкан. Зарылык Сагынбаев тууралуу эскерүүлөрдүн биринде мындайча жазылат: “1943-жылы Краснодар аэродромунда эки моторлуу учакка 9 жоокер олтурат.

Алардын бири Зарлык Сагынбаев болгон. Ал чалгынчылар Крымга учуп барып, берилген тапшырманы аткарып келиши керек эле. Ошентип, учак Василивка айылынын эгин талаасына  жоокерлер  парашют менен түшүшүп, ал жерден душмандардын катып койгон ок-дарыларын издешип, берилген тапшырманы аткарышат.

Бирок ал талаадан аларды көп сандаган фашисттер көрүп калышып, “жергиликтүү адамдар ” деп ойлошуп, кол салышкан эмес. Бул алар үчүн чоң олжо эле. ”

Бул Зарлык Сагынбаевдин согуштагы аткарган тапшырмалардын бир гана үзүмү.

Ошентип, кыргыздын кыраан жигиттеринин бири Сагынбаев Зарлык 1946-жылга чейин  мекенди коргойт.

Согуштан кийинки элине болгон ак эмгеги…

Аскерден бошоп келгенден кийин Кызыл Аскер райондук “Жеңиш”  газетасынын жооптуу секретары, жаштардын “Ленинчил жаш” газетасынын редактору, 1959-1961-жылдарда Фрунзе телекөрсөтүү студиясынын башкы редактору болуп кызмат өтөгөн. Кыргызстан КП борбордук комитетинин алдындагы тарых институтунда окумуштуу кызматкер болуп иштеген.

1962- жылдан тартып ал басма ишине которулат. “Кыргызстан” мамлекеттик басмасында адегенде редактор, редакциясынын башчысы, башкы редактор, андан кийин директору болуп кызмат өтөгөн.

Кийинки жылдардын ичинде  Зарлык Сагынбаев “Мектеп” басмасынын башкы редактору болуп иштеп келген.

Ал таланттуу, чебер журналист эле. Анын көптөгөн макаалалры, китептери Кыргызстандын басмасынан гезит, журналдарынан жарык көргөн.

Зарлык Сагынбаев бир нече китептердин автору. Крым жери душмандын таман астында онтоп жаткан жылдарын эскерип “Он ай душман тылында” деген китебин жазган. “Легендага өткөн өмүр”, “300 дней в тылу врача” деген  чыгармалары да согуштун тактарын көркөм баяндап балдар үчүн жазган эмгектери жарык көргөн.

Зарлык Сагынбаев көптөгөн китептерди өз эне тилибизде сүйлөткөн чебер котормочу да болучу. В.И.Лениндин 35 томун кыргыз тилине толук которууда катышкан, Е.Г.Решиндин “Генерал Карбышев” аттуу документалдык повестин, Ришад Гюнтекиндин “Боз торгой”, “Ыплас Тегеран”, Луи Буссенардын “Чыгаан капитан”, В. Мухина-Петринскаянын “Сандинин кемелери”, В.Сахаровдун  “Маутхаузендин тозогунда” деген китептерди которгон.

Жазуучу, котормочу бир нече сыйлыктын ээси. Анын согушта көрсөткөн эрдиги жана согуштан кийинки иште көрсөткөн ардактуу эмгеги жогору бааланып “Кызыл Туу”, “Ата Мекендик согуштун II даражадагы ордендери жана  согуштук сегиз медалы, анын ичинде Кыргыз ССР Жогорку Советинин Ардак грамотасы, СССР Министрлер Советинин алдындагы басма сөз Комитетинин ардак грамоталары менен сыйланган.

Өз өмүрүн элинин кең келечеги үчүн арнаган Сагынбаев Зарлык 1978-жылы 56 жашында катуу оорудан кийин кайтыш болгон. Артында  Сагынбек аттуу бир уулу жана үч кызы калды. Уулу Сагынбек ата үмүтүн актап, элге кызмат кылган инсан болгон. Тактап айтканда, ал узак жылдар бою учкуч кесибин аркалады. Бирок, өкүнүчтүүсү ал да узак өмүр сүрбөдү, арабыздан кеткенин көп жылдар болуп калды. Анткен менен Зарлык Сагынбаевдин небере-чөбөрөлөрү улам чоңоюп, эл кызматында болууну максат кылып турушат.

Ал эми Сагынбаевдин байбичеси Мамийла апабыз 2013-жылы 84 жашында каза тапкан. Кичүү кызы Динара Сагынбаева болсо, элибиздин керегине жарап, узак жылдардан бери Кыргыз Республикасынын Саламаттыкты сактоо тармагында жетекчилик кызматтарды аркалап, элге ак кызматын аркалап келет. Ал эми Раиса, Чолпон эжелерибиз, үй кожойкелери.

Зарылык Сагынбаев бул өмүрдө аз жашаса да, саз жашады. Анын элине калтырып кеткен эмгектери эч качан унутулбайт!

Автор: Айбек Шамшыкеев

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here