Чагылган: Темпла университетинин (Пенсильвания АКШ) жана Питтсбург университетинин алдындагы медициналык борбордун кызматкерлери өткөн жылы биригишип, CRISPR-CAS9 технологиясынын жардамы менен ВИЧ инфекциясын клеткаларын жоготууга мүмкүндүк ачышты.

Жаңы ачылышта өнүккөн технологиялардын аркасы менен окумуштуулар ВИЧ инфекциясынын организмге жайылуусун токтотуп калат.   ВИЧ инфекциясынын өзгөчөлүгү катары, анын жабык мүнөзү эсептелет. Инфекцияны жукканын организмден аныктоо ВИЧ менен күрөшүүдөгү бирден-бир көйгөй.

Жаңы ачылыш жакшыртылган методиканын негизинде, оорунун ар кандай типтеги клеткаларын иликтөөнү,  РНКнын  бардык төрт негизи менен иштөөгө жол ачылды.

Жаңыртылган методика эффективдүүлүгү боюнча өткөн бир РНКнын негизи менен иштеген жаңы методикага караганда бир топ жогору турат.

Изилдөө жасалма ген менен жашай турган лабораториялык чычкандарга жүргүзүлгөн. Оорунун 3 типтеги клеткалары иликтенген: ВИЧ-1 ДНК, ЕсоНIV күчтүү инфекциясы инфекциянын латенттүү жабык  формасы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here