Чагылган: Бул сүрөттү Ассол Молдокматова өзүнүн соцсеттеги баракчасына жайгаштырыптыр. Маданият жылында маданиятуу болгусу келген кыргыздын жаш кыздары кайсы бир маданий меемеге классикалык концерт көргөнү  барышыптыр. Анан, ал кыздардын жанды сергиткен классикалык музыкага минтип «раслабуха» кармап кетишкендигин сүрөттө ачык эле байкалып турат. Көрсө, бул кыздар классикалык музыканы кой маданият дегендин м деген тамгасын да түшүнбөгөн дөдөйлөр турбайбы. Анда эмнеге барышты десең, адамга окшоп концерт көрмөкчү болушуп.  Буттарын салаңдатып, талтайып, эл олтурган олтургучарга асып коюп олтургандары кайсы акылга сыят? Ошо буттарына салаңдаткан бойдон  мык кагып койсо… Ошондо көрөт элек, ойсоктонгодорун. Мындайларды катуу уяткарып, маданиятка, эң ириде ыйманга чакырбасак болбос…

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here