Чагылган: Күйөөсүнүн Алла ыраазычылыгы үчүн экинчи аял алуусуна каршы болгон аял, жолдошу каза болгондон кийин  өкүнүп калды. Азыр да өзү бир адамдын токолу болуп отурат. Бул тууралуу іhsan.kz сайты жазып чыкты.

«Айрандай уюган үй-бүлөм, жүрөгүндө ыйманы бар азаматым менен келечегинен көптү үмүттөндүргөн күйөөм  бар эле. Күйөөм дүкөн менен унаа жуучу жай ачып иштетчү эле. Мен тапкан -ташыганынын берекесин киргизип, төртүнчү перзентибизди күтүп, үйдө отурчу элем. Бир күнү күйөөм келип, акылдаша турган иш бар экенин айтты.

«Жакында бир келиндин күйөөсү жол кырсыгынан каза болуп, ал 4 баласы менен жесир калды. Ага жөлөк болчу эркек керек, аны экинчи аялдыкка алып, каралашып турайын. Сообу көп иш го…», — деп айтып келе жатты эле, кызганычым бетиме чыгып, аны карай сүйлөтпөдүм. Менин аягым оор экенин эстеп, ал андан ары унчукпады. Ойлонуп көрүүмдү гана сурады. Кандай ойлонсом да, эримдин башка аял менен жашаганын элестете албай койдум.

Акыры, ал аялды алууңа мен каршымын. Аны алсаң мен кетем. Бала төрөп бере албасаң бир жөн. Муну эми кандай шылтоо менен аласың?- деп ичимдегини айтып тындым. Күйөөм мага канааттанбагапндан эмес, соопчулук үчүн аларын канча айтса да, болбой койдум. Акыры ал да айтпас болду», — деп айтты келин.

Күндөр жылып өтө берди, өмүргө сүйкүмдүү кызыбыз келди. Сабибиз бир жаштан ашканда, ден соолугу начарлап ооруй баштайт.

» Өзү каза болгон соң, иштери да банкрот болду. Мен жумушка чыгайын десем, эмчекте балам бар. Агамдын үйүнө көчүп баруума туура келди. Алардын беш баласына менин төрт балам кошулду. Бул жеңеме жаккан жок. Андан кийин батир жалдап, бөлүнүп кеттим. Батир акысын төлөй албай, кайра аларга бардым. Байкем мени кыялбай же жеңемди кыялбай кыйналып кетти», — деп баяндап отурду келин.

Акыры агасы карындашын бир адам менен тааныштырат. Ал жигит үйдө аялуу аялы, үч баласы бар экенин айтып, аялы менен кеңешүү керектигин айтат. Ошондо, кезинде жолдошум мага акылдашканда, бир жесир мендей кыйналган экен го деп өтө убайымдады аял.

Ошондо келин, бир кезде кылганына катуу өкүнүп, Алладан кчирим сурайт. Түнү менен истихара намазын окуп, күйөөсүнө тиги келин уруксат беришин суранган.

«Таң эрте тиги жигит келинчегин ээрчитип келген. Үйгө келген соң, экөөнү ичке таштап, күйөөсү эшикке чыгып кетти. Мен не айтаар экен деп ичимден кысылып турганымда, жап-жаш татына келин, колумдан кармап, » эже биздин максатыбыз бир. Биз кызганычка алдырбай, Жанатка деген үмүт менен ушул азаматты сыйлап, кадырлап алалы. Бир эркекти жалгыз кучактап жаткандан да суранармын, андан көрө сооп алганым жакшы го», — деди.

Экөөбүз кошулуп бир аз ыйладык. Не деген кең жүрөк, неткен иман? Мээрими чексиз Алла-Таала менин бир кездеги каталыгым үчүн, күйөөмдү алып жазалады, окуган намаз, жасаган тообам үчүн ушундай үй-бүлөгө туш кылды.

Бул окуяны, ашыгып чечим чыгарган сиңдилериме сабак болсун деп айтып жатам еп сөзүн аяктады келин.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here