Операция бир саатка созулган. Дагы бир сааттык убакыт жаракаттарды тигүүгө кеткен
Кытай хирургдары үч айлык сиам эгиздеринин бириккен денесин ийгиликтүү түрдө ажыратышканын Shaghai Daily агенттиги жазып чыкты.  Маалыматка караганда, операция Шанхайда дүйшөмбү күнү жасалган.
Эгиз кыздар 9-февралда, жарык дүйнөгө келишкен. Алар ушул күнгө чейин интенсивдик терапия бөлүмүндө болушкан. Дарыгерлер эгиздердин боору менен ашказаны жармашып калганын аныкташкан. Операция бир саатка созулган. Дагы бир сааттык убакыт жаракаттарды тигүүгө кеткен. Дарыгерлердин айтымында, кыздардын келечеги алдыда.

sputnik.kg

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here