Кайнене менен келиндин ортосундагы мамиле илгертеден эле актуалдуу маселе. Кайнене-келиндин ынак, таттуу мамилеси чанда. Ошондой, үшкүрүп ойго батырган дагы бир үй бүлөлүк окуяда, Казакстанда жашаган 90 жаштагы кайненесине келини ысык суу чачып салгандыгын NUR.KZ жазып чыкты.

Бул инцидент туурасында, улгайган кайнененин айылдашы айтып берген. Ал бүлөдө сиркеси суу көтөрбөй, сирпилдеген келиндин айынан далай ирет уруш болуп турган.

Туугандары турган жерден эле чыр чыгарганга маш келинден оолак болууга аракет кылышкан. «Анын ушул үйгө келин болуп келгенине 20 жыл болду. Ал  4 бала төрөп, улуусу университетте окуп калган. Анын кайненеси 90 жашка чыгып, келини 50гө келип калган.  Буга чейин анын бир катар «өнөрлөрүн» көргөнбүз, бирок, бул жолкусу  чектен ашып кетти. Кемпир тим эле отурган, ал ажылдап кайненесинин колуна  чайнектеги кайнак сууну чачып жиберди», — деп айтты кошуна аял.

«Бул кемпир карыганча келининен жакшылык көргөн жок. Кайнене карып, кичинекей баладай эле болуп калган, нанды да чайнап жегенге тиши жок. Ага камкордук керек. Келини болсо ага чыдабайт. Кыздары алып кетели дешкен, бирок, кемпир ага болбойт. Күйөө баласыныкына баргандан элден уялат. Күйөөсү болсо  энеси менен аялынын ортосунда чайналып, жумушун да таштап ичип калган.Келиндин өзүнүн дүкөнү, машинасы бар. Ага эч ким эч нерсе дей албайт. 90 жаштагы кемпирдин өсөөрү эмес, өлөөрү калды. Эми ушу эчкиникинен аз өмүрү калган адамга ушундай мамиле кылган болобу?

Күйөөсү күйүп калган энесин көрүп чыдай албай, ажырашууга арыз жазды. Ал апасын доктурга көрсөтүп келгиче, аялы оокатын жыйып баса берди. Азыр ал жалгыз жүрөт. 50 жашка чыгып калган эркекке, уш жашта бүлөө куруу деле оңой эмес да. 7 бөлмлүү үйдө энеси менен жашап жатат. Мен ушу кийинки келиндерге түшүнбөйм «, — деп айтып болду айылдашы.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here