Үй-бүлөлүк мамиле куруш оңой эмес, ошол себептен да ар кандай кырдаалдар жаралып калат. Кыргыздардай эле казактарда күйөөсү өлгөн келинди кайнисине алып берүү салты бар.Бирок, күйөөсүнүн көзү тирүүсүндө келиндердей жакын кайындарына же кайнилерине турмушка чыккан эмес. Казакстандык NUR.KZ порталына үй-бүлөлүк драманын күбөсү байланышып, Алматынын жашоочусу күйөөсү менен ажырашып кайниси менен жашап алгандыгын кабарлаган.

Бул окуяга аталган үй-бүлөнүн айылдашы жана жакын досу күбө болгон.

«Балдар жетим калбас үчүн, жесирлер кайнилерине турмушка чыккан. Бирок,  Ердос менен Жамилия бул салтты аттап өтүштү. Үйлөнбөгөн кайниси эки баласы менен жеңесин алып алды.  Күйөөсү өз инисинен мындай чыккынчылыкты күткөн эмес. Ал көпкө өзүнө келе албай жүрдү. Ата-энелери деле тирүү, алар да Ердосту токтото албады», — деп айтты күбө.

Анын айтымында, аялы таштап кеткен күйөө өзүнө келе албай, көп жылга жоголуп жүрүп, арадан бир нече жыл өткөндөн кийин айылга келип башка аялга үйлөнгөн.

«Ал эми жеңесине үйлөнгөн иниси, агасынын балдарын тарбиялоодо. Өз балдары жок. Ага-ини бир айылда жашашат, бирок, сүйлөшпөйт», — деди окуяны айткан айылдашы. Туугандардын мындай чыккынчылыгынан Кудай сактасын. Мындай ишке баргандардын кадамы өз баштары менен кетсин дейли.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here