.. Бул кат сага жетет, билем, анткени гезит барат үйүңө. Бирок ичимди өрттөгөн эскерүүлөрдөн жазсам гана арылчудай сезип жатам. Сен мындай сезимдерди деле түшүнбөйт болушуң керек деп ойлойм. …Ошол күнү атамды ээрчитип айылга жөнөдүм. Алгач оолугуп үйгө кетем деп жаткан атам айылга жакындаганда негедир тынчсызданып, башкача боло баштады. Үйгө жетип кирсек, сен эптеп учурашып, термосдо муздап калган чайды коюп, анан кошунаныкында той болуп жатканын, барбасаң болбостугун айттың. Бара бер, атамды өзүм карайм деп, кайра өзүм ыңгайсыз боло түштүм. Атам сени жал-жал карап үнү чыкпайт. Эки ай шаарда жүрүп үйүн сагынган эмес беле деп ичимден ойлоном. Сен той болчу үйгө чыгып баратып кызынды жуун деп суу берип, отургузуп кеттиң. Чоң эле кыз отургандан баштап ыйлады, сооротсом эч басылбайт. Атам кошулуп аны сооротуп, жуунтуп үйгө алып кирдик. 5 бала төрөп, өзүңчө кериле басып, үйгө кожоюн болуп, атамды батырбай, сүйлөнүп, кагынып-силкинериңди кошуналардан ошондо уктум. Бир күнү баласын чыбык менен сабап кубалап урду. Атаң артынан ээрчип, урба деп жалдырап жүрөт. Ого бетер күч алып, бир топко ызы-чуу, болду деди кошуна эне. Атам кан басымы көтөрүлүп такай дары иччү. Сен аны жакшы билет элең. Билип туруп, күндө уруш баштачу экенсиң. Иним бир нерсе десе, атамды жамандап, жек көрсөтүп да коюпсуң. Дагы каякка жөнөдүңүз, отуруң үйдө деп кыйкырчу деди кийин атам. Күнүгө ызы-чуу балдарын башкарган болуп сабап, атаң кошуналарга чыгып кутулат дешти. Иним бечара Бишкекке каттап, күн-түн жолдо жүрөт. Чарчап келет да кайра кетет. Атамдын абалын көрбөйт да, түшүнбөйт да эле. Анан атам отуруп-отуруп, ооруп калып, ар кимдикине кетип калат тура. Атам сага эмес, балдарыңа үнүн көтөрүп сүйлөдү беле бир жолу, эми чыныңды айтчы? Алдынан тоок өтсө, күтүп туруп анан өтчү, койдон жоош момун киши эмес беле, же жалганбы? Бул сөздөрдү ичимден айтып, сени менен сүйлөшө берем. Түндө да түшүмдө сага айтып, ыйлап жатыптырмын. Өпкөм толуп ойгондум. Атамды эстеп сагынып, бук болуп жатам азыр. …

 

Өмүр бою мектепте мугалим болуп иштеп, намаз окуган адам апам өткөн соң, жетимсирей түштү. Өз үйүндө чоочун болуп жашап, жатсырап, сенден жалтактап турчу. Канча жолу аны байкасак да, сени актап, балдар менен жүдөп жатат да деп түшүнүп келдик. Бирок атам жылуу сөздөн башка эмне талап кылды эле? Тынымсыз тамак тандап кыйнадыбы? Бир тамак кылып, аны 3-4 күн ысытып бергениңди да уктук. Ошо той болгон күнү келбедиң. Мен атамды карап, балдарыңа кошо тамак берип тынбадым. Телефонуңду унутуп кеткен экенсиң, чырылдаганынан карасам, апаң бир нече жолу чалыптыр. Негизи сенин колуңдан такыр телефон түшпөйт эле, азыр кантип жатасың. Мени не деп сактады экен деп көз жүгүртсөм, атым чоң болуп жазылып туруптур. Эже деп кошуп койсо эмне деп таң кала түштүм. Эртеси келип, кызыңды бир нерседен улам дагы уруп кирдиң. Жинденип, «дарымы бер, бол бат» деп кыйкырып жаттың. Кызың бир дары апкелип, сен ичтиң. Карай койсом, йодомарин экен! «Ушул дары сени тезинен тынчытмак беле, баарыбызды келесоо ойлойт окшойсуң» деп ичимден кыйкырып жаттым! Инимди коркутуп, зобум бар экен, кысып атат деп ыйлап, догурунуп жүрүп эле 5 ти төрөп алдың го? Мейли аман болушсун, ошолор үчүн иниме сен жөнүндө бир ооз кеп айтпадым. Эртеси жөнөйүн деп жатсам, атам жаш баладай ээрчип, кошо кетем деп туруп алды. «Качасыз эле качасыз, каякка барасыз» деп дагы кыйкырдың. Кызы келип уруш баштап кетиптир дебесин деп, сөз айтпадым. Атамды жетелеп, берки инимдикине жөнөдүк. Ошону менен атам ал инимдикинде жашап, коңшу айылдан сөөгүн алып келдик, туурабы? Элдер наалат кылып жатышты сени батырбады деп… …Атам быйыл экинчи жыл кышты көрбөйт. Кышты, карды жакшы көрчү, кар көп болсо, нан мол болот дечү. Өлөөрүндө үйгө кетем деп аябай кыйнаптыр. Сага өчөшкөн иним алпарбай өзү карап, өлүгүн айла жоктон гана алпарды. … Азыр да кар жаап жатат. Атам карды көргөндө жаш баладай кубанчу. Анан үшүкчөөл эле. Бир жолу меникине келип, көпкө туруп калды. Өзүнчө бөлмөгө төшөк салып берип, чыгып кеткем. Кайра бир нерсе издеп кирсем, жыйылган жүктөн бир төшөктү алып жатыптыр. Үшүдүңүзбү, дагы жабайынбы десем, мени көрүп чочуп кетти. Уурдаган жокмун, мен партиянын мүчөсүмүн… деп титиреп, калчылдап жатат. «Алыңыз, айланайын ата, ала бериңиз, баарын» деп ыйлап жаттым. Анан эстээр бекен деп, кайсы партияга мүчөсүз деп койсом, «коммунисттик партиянын мүчөсүмүн, коммунисттер төшөк уурдабайт» деп актанып, жүрөгүмдү эзди. Төшөгүнө жаткызып, «сиз жакшы адамсыз, кудайдын эле момунусуз, Алла сүйгөн адамына гана дарт берет, айыгасыз» деп колун көпкө кармап отурдум… Айтчы, менин атамдан да момун, ак көңүл, жөнөкөй, жаш бала пейил, ичи таза барбы? Сен деле азыр муну моюнга аласың, туурабы? Неберелерине кошулуп таттууларды жеп, чогуу телевизор көрчү. Ким кирип келсе ордунан ыргып туруп, жалтаңдап турчу. Өз үйүнөн бездиргениң үчүн, жүрөгүн зырылдатып жалтак кылып койгонуң үчүн, мен сени эч кечирбейм. Апаң жакшы аял эмес экен деп калдым. «Эмнеге силер карабайсыңар, менин кызым өлүп кетсинби» деп баарыбызга чалып кыйкырчу… Карадык, баарыбыз кезектешип карадык, бирок өлөрдө өз үйүнөн кетпегени өмүр бою өкүндүрөт… … Апаң өтүп кетиптир, чалбадым, таба эмес, тобо, эми сен атаңа тамак жасап, нан жаап алып каттап жатыпсың. Келиниң менен иниң башка айылда экен, атаң өзү бир үйдө жалгыз калыптыр. Колуңдан келишинче кара, ата, апа деген конок эле, бүгүн бар да, эртең жок.

Мээрим Султанова

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here