Чагылган: Казакстандын Аркалык округунан жаш түгөйлөр өз өмүрлөрүнө кол салышкан. Бул тууралуу, алар окуган Торгай гуманитардык колледждин билдирүүсү менен казак басылмалары жазууда.
Трагедия 30-апрелде болгон. Жаш жубайларды өз үйүнүн гаражынан асылып турган жеринен табышкан. Мустафа менен Индира үйлөнгөндөрүнө төрт ай болуп, алар, Мустафанын үйүндө энеси менен жашачу. Атасы, бала 1-курста окуп жатканда эле каза болуп калган.
Колледждегилердин айтымында, жубайлар 3-курста «Дене тарбия» адистигинде окушкан. Экөө тең активдүү студенттерден болгон. Индира — волейболист жана Мустафа — футболист. Бир нече медаль жана громаталары бар.
Ошол каргашалуу күнү Индиранын иниси да армиядан келмек. Аларга не болгонун эч ким билбейт. 29-апрелде эле колледжде өткөн облустук семинарда экөө тең өтө активдүү катышкан. Окуу жайдагылар бул окуяга ишене албай тургандыктарын айтышкан.
Учурда, бул иш боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.