Чагылган:Мыкаачылык менен зордуктап өлтүргөн кылмышкер атылгандыгын korrespondent.net. жазып чыкты.

Өлүм жазасына тартылган Гомел Сергей Остриков, 5-апрелде апасы менен акыркы ирет жолуккан.  Ал 2016-жылы кылмыш жоопкерчилигине тартылып, күнөөлүү деп табылган.

Остриков, бирге иштеген аялдарга иштен кийин жеткирип коюуну сунуштачу, аларды ошентип гаражына алып келип, зордуктап, өлтүрүп, анан ичине көмүп коюп жүргөн. Бул тууралуу сот иши жабык эшик артында өттү.

Беларуссия КМШдагы, өлүм жазасы киргизилген жалгыз өлкө. Соттун чечими атуу менен ишке ашат. Кылмышкер өлүм алдында туугандары менен жолугалбайт, аларга кабар кылынбайт жана сөөгү берилбейт. Кай жерге көмүлгөнү жашыруун калат.

2016-жылы Беларуссияда 4 өлүм жазасы аткарылган. 2013-жылы БУУда бул иш каралып, Минскди  өлүм жазасын мораторийге чыгарууга чакырышкан.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here