Чагылган: Британиянын Лондон шаарынын тургуну, Ванесса Дэвис аттуу визажист баш сөөктүн дизайнында бетин боёгон сүрөттөрүн интернеттеги өздүк баракчасына жарыялап баштаган соң популярдуулукка жетишти. Анын баракчасына жазылгандардын саны учурда 230 миңди түзөт. Ванесса Дэвис мындан сырткары өзгөчө боёлгон жүзүнүн видеолорун жүктөп турат, алар 4 миңден ашуун көрүүгө ээ болот.

Ванесса Дэвис өнөрү тууралуу: «Өзүңдүн чеберчилигиңди, талантыңды бир нерсеге басым жасоо менен гана өнүктүрө алат экенсиң. Мындан улам адамдын баш сөөгүнүн дизайнын тандап алгам», — деп айткан. Бул эми эч кандай мактаныч болбошу керек. Тескерисинче, акылга сыйбаган көрүнүштөрдүн бири. Адам Алла берген жүзүн ашыкча боёбой, минтип албарстынын кейпин кийбей жүргөндө гана адам бойдон калат.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here