Чагылган: Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин  басма сөз кызматы  Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Биринчи май айылында жер көчкү жаракалары пайда болуп жатканы тууралуу маалымат таратты. Ал жараканын  узундугу дээрлик 22 метр, туурасы 5 сантиметр, тереңдиги 1 метр экени адистер тарабынан текшерилген.  ушундан улам жер көчкү жүрүп кетүү коркунучу жаралган аймактагы 11 үйгө кооптуу абал жаралган. Учурда Жарандык коргонуу комиссиясы жашоочуларды туугандарына көчүрүү иштерин жүргүзүп жатат. Тезинен талапка, мындай абалдын арты аянычтуу окуя менен бүтүп калышы мүмкүн. Деги эле, акыркы айларда Кыргызстанда табият кырсыктары байма-бай катталууда. Сактанганды сактайт деген жакшы сөз бар. Андыктан сактануу жана Кудайдан амандык тилөөдөн башка аргабыз жок.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here