Жер жүзүнө ааламат салган экинчи дүйнөлүк согуш 1939-жылдын 1 сентябрынан 1945-жылдын 2-сентябрына чейин созулган. Адамзат тарыхындагы эң ири согуш болгон. Ал согушка ошол кездеги көз карансыз, эгемендүү 73 мамлекеттин  62 мамлекет катышкан. 12 мамлекет катышпастан, жөн гана байкоо салып турган. Ошол учурдагы жер шарынын калкынын 80 пайыз эли  бул чоң согушка катышкандыгын тарыхчылар байма-бай жазып келишет. Бул жер жүзүнүн үшүн алган кандуу согушта жалпысынан 55 миллиондун тегерегиндеги адам курман болгон деп эсептелген.
Ал эми экинчи дүйнөлүк согушта эң негизги ролду ойногон 15 малмекет курамына кирген СССРден дээрлик 27 миллион адам өлгөндүгү айтылып келет.

Мына ушул адамзат тарыхында кара так менен калган дүйнөлүк согуштун курмандыктарын эскерип турур иретинде мындан бир нече жыл мурун «Өлбөс полк» акциясы уюштурулуп, ал акция жыл сайын 9-майда мурунку СССРге кирген мамлекеттерде гана эмес, барган сайын дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө өткөрүлүп, бул акциянын мааниси улам тереңдеп барат.  Бирок бизге кошуна мамлекеттерден Тажикстан каршы чыгып, өткөрүүдөн баш тартып жатканы маалым. Бул мамлекет  мындай акцияны ислам динин шарттарына туура келбесин жүйө катары айтып келет. Кыргызстан болсо, бул акцияны акыркы жылдары активдүү өткөрүп баштады.

 

 

 

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here