Казак элинин шоу дүйнөсүндөгү (продюссер, актриса) Баяна Есентаева деген ысым биздин жаштар үчүн да аздыр-көптүр таанымал. Бирок бул аял жакшы жагынан эмес, көбүнчө жаман жагынан таанылган жайы бар. Күйөөсү аны  кызганып, төрт жолу бычактап салган. Оор жаракат алып, аман калган. Күйөөсүнө Есентаева кечирим бергенине карабастан, ал 9 жылга эркинен ажыратылган. Жакында  эле  ал журналист менен маектешип жатып күйөөсүнүн көзүнө чөп салганын жар салып, мактанган. Анын антип «мактанганы» казак коомчулугунда да, кыргыз коомчулугунда да сынга алынган. Ушундан улам казак элинин, көбүнчө улут намысына арнап ыр чыгырып ырдап жүргөн репер ырчысы Жан Ахмадиев күйөөлөрүнүн көзүнө чөп салып жүргөн аялдарга арнап ыр чыгарарын жар салган. Ал аз күн мурун  «Темир катын» аттуу ыр чыгарып, казак коомчулугуна тартуулады. Учурда ал ыр жылуу кабыл алынууда. Казак жаштары бул ыр Баяна Есентаевага арналган ыр экенин баса белгилеп айтышууда. Клипте аягы суюк аялдын образы берилген.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here