Чагылган: Тажикстандын  бажычылары дизельдик отундун ири партиядагы  контрабандасын кармашты.  Контрабандалык жүктү Кыргызстандан Душанбеге алып келе жатышкан.

Бажы кызматынын басма сөз кызматы билдиргендей, Душанбе-Ходжанд унаа жолунда бажычылар эки «Шанси» автоцистернасын токтоткон.

Ташылып келе жаткан жүккө керектүү документти айдоочулар көргөзө алышкан эмес. Белгилүү болгондой аталган жүктү Кыргызстандан 33 жаштагы тажик жараны алып келе жаткан.

Цистернадагы 40 тонна дизельди кармалган жаран 887,5 миң киллограм төмөндөтүлгөн газ бар деген документ менен киргизип кетүүнү көздөгөн. Бул факт  боюнча кылмыш иши козголду.

ПИКИР КАЛТЫРЫНЫЗ

Please enter your comment!
Please enter your name here